Кыргызча   Русский



СҮРӨТ БОЮНЧА 10 СҮЙЛӨМДӨН ТУРГАН ТЕКСТ ЖАЗГЫЛА, АНЫ АТАГЫЛА.

ТУУРА ЖАЗГАНГА МАШЫГАБЫЗ!

МЕН СИЛЕРДЕЙ КЕЗИМДЕ

1930-жылы биздин айылда мектеп ачылып, окууга бардым.

Алиппе китебим жок.

Аны кийинки жылы алдык.

Ал китепти колдон түшүрбөй, барактай берчүбүз.

Ата-энелерибиз анда бүт сабатсыз.

Алар да биз көтөрүп жүргөн алиппе китебине абдан кызыгышып, андагы жазууларга, сүрөттөргө суктанып карашчу.

Мектеп, мугалим, китеп, дептер, карандаш деген сөздөр жаңылык катары угулчу.
 

Окуп жүргөндө улуу кишилерге салам берүүнү ыйык көрчүбүз.

Мал багышып, суу алып келип, талаадан тезек терип, куурай  жыйнап, дайыма ата-энебизге жардам берчүбүз.

Өзүңдү текшер!

МЕН СИЛЕРДЕЙ КЕЗИМДЕ

    1930-жылы биздин айылда мектеп ачылып, окууга бардым. Алиппе китебим жок. Аны кийинки жылы алдык. Ал китепти колдон түшүрбөй, барактай берчүбүз. Ата-энелерибиз анда бүт сабатсыз. Алар да биз көтөрүп жүргөн алиппе китебине абдан кызыгышып, андагы жазууларга, сүрөттөргө суктанып карашчу. Мектеп, мугалим, китеп, дептер, карандаш деген сөздөр жаңылык катары угулчу.
    Окуп жүргөндө улуу кишилерге салам берүүнү ыйык көрчүбүз. Мал багышып, суу алып келип, талаадан тезек терип, куурай  жыйнап, дайыма ата-энебизге жардам берчүбүз.