Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

«Ошол да тоолук кыргызбы…»

Ай, кең Мекен, кең Мекен…

                             Сөзү: Рамис Рыскуловдуку,

Обону: Акимжан Жээнбаевдики.

 

Турмуш өзү ушундай,

Алга жүргүч неме экен.

Алпечтеген дилибиз,

Айланайын кең Мекен!

 

Ай, кең Мекен, кең Мекен.

Айланайын кең Мекен!

Өмүр өзү ушундай,

Өрөпкүгөн неме экен.

 

Элесимде турасың,

Жылдызданып кең Мекен!

Ай, кең Мекен, кең Мекен,

Айланайын кең Мекен.