Кыргызча   Русский



ЖОМОК

АРСТАН МЕНЕН КОЁН

        Калың токойдун четиндеги карагандуу жерде бир коён жашап, коркоктугунан казып алган ийининен алыс чыкчу эмес. Бир күнү: «Коркуп ийинде жата берип кантип күн көрөм. Атасынын көрү, бир баатыр болуп көрөйүн» деп ойлоду да, ошол замат ийинден чыкты. Эки жагын каранып, тиштерин арсайтып, жүндөрүн үрпөйтүп так маңдайында турган арстанды көрө койду да, коркконунан бир орунда катып калды. Арстан коёндун жанына келип:

-Бакыраң көзүм, колго түштүң ээ! Эми сени жейин, - деп тиштерин качыратып, эки чайнап, бир жутчудай болду. Коён байкуш эсин жыйып кантип кутулуштун амалын издеди. Акыры арстанга:

-Кадырлуу арстан, жесең жегин, бирок айта турган бир сырым бар, - деди.

-Анда тезирээк айтып кал!

-Сен өтө күчтүүсүң, ага толук ишенем, бирок тээтиги кудукта сенден да чоң, сенден да күчтүү бир арстан бар. Ал бая күнү сени жеймин деп ачууланып жатканын уккан болчумун. Оболу ошого бир беттешип көр. Сенин күчүңдү да көрүп калайын, мен кайда качмак элем, анан деле жейсиң, - деп жалооруй карайт.

Өзүнөн күчтүү жанды уккан арстан чындап ачуула­нып:

-Кана, менден күчтүү арстанды көрсөтчү? Ал кайсы жерде? Ээрчитип бар! - деп коёнго буйрук кылды.

Коён арстанды терең кудукка ээрчитип барды:

-Ушул кудукта... Өзүң карап көрсөң, - деди. Арстан кудукка эңкейип карап, өзүнүн сөлөкөтүн суудан көрдү да: -Мен ушул саксайган арстандан кантип эле кем калайын! Кана, кармашып көрөлү! - деп ачуусу менен ку­дукка секирип түшөт. Сууга барып шалп этип түшүп, тумчугуп өлөт.

Ошентип, коён амал менен арстанды өлтүрүп, «анык макоо тура» деп секирип жолго түштү.

ТАБЫШМАКТАР

Жайында ысыкты дегдейт,

Кышында суукту сезбейт,

Кийгени жашыл жибек,

Жайы-кышы түк чечпейт.

 

Ойлонгула кандай,

Кичинекей шардай.

Жармашат тийсеӊ,

Акысы бардай.

 

Бир арыктан кырк кой суу ичет.

 

Жыл сайын узара берет,

Ал имаратка керек.

 

Жыл мезгилин ылгабас,

Кыштыр-жайдыр кургабас.

 

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Бөрү баласы ит болбойт.

Сколько волка не корми, он всё в лес смотрит.

 

Жакшы атка – бир камчы,

Жаман атка – миӊ камчы.

Хорошему коню – одна плеть,

А плохому – тысяча.

 

Кичинекей кумурска күчү менен тоо бузат.

Мал муравей, но его силы горы сворачивают.

 

УЛАМЫШ

 

Үкү эмне үчүн түнкүсүн учуп калган?

Үкүлөрдүн эмне үчүн түнкүсүн учуп калгандыгы жөнүндө ар кандай уламыштар бар. Ошолордун бирөө мындай экен.

Албетте, бул окуя мындан көп кылымдар мурда болгон. Күндөрдүн биринде ой-тоодо жашаган куштар өздөрүнүн курултайына жыйылышты. Анда өздөрү жашаган жерден башка чөбү от, суусу мол жерди издеп табууну чечишти. Курултайда куштардын төрөсү - Бүркүт аларга кайрылып, минтип айтты:

- Андай жерди табууга кимди жиберебиз?

Кеңешке келгендер чурулдашты:

- Учкул эмеспи, Ылаачын барсын!

- Сак эмеспи, Сагызган барсын?

- Алп эмеспи, Таз Жору барсын!

Бирок булар жараган жок. Акыры тырмактуу десе тырмактуу, тумшуктуу десе тумшуктуу, күчтүү десе күчтүү де­шип, Үкүнү жибермекчи болушту.

Үкүнү үч ай бою жакшылап багышты. Анан жолго салышты. Ал тоо,талаа,тоону кыдырып, ашуу-бел ашып учуп отурду.

Бир нече айдан кийин кайра келди. Аны тосуп чыккандарга:

- Жакшы жерди тапкан жокмун, - деп жооп берди.

Көпчүлүк буга ишенишкен жок. Ага тыңчы коюшту.

Үкү болсо өз атасына барды да минтип айтты:

- Эң сонун жер Ала-Too экен. Ал жердин жайы салкын, кышы мээлүүн. Бирөөлөргө сөз чыгарба. Ал жакка экөөбүз эле кетебиз!

Бирок булардын сөзүн тыңчы чымчык угуп алды да, баш­ка куштарга айтып койду. Куштар чогулуп келишип, Бүркүттүн буйругу менен үкүнү аябай сабашты. Үкү жан соогалап качып жүрдү.

Мына ушул окуядан кийин ал калпычы аталып, күндүз элге көрүнгөндөн уялып, түнкүсүн ууга чыгат дешет.