Кыргызча   Русский



СҮРӨТ БОЮНЧА АЙТЫП БЕРГИЛЕ.

СИЛЕР ДА СҮРӨТ ТАРТКАНГА МАШЫККЫЛА.

Абдылас Малдыбаев - композитор, ырчы (тенор) жана артист катары кыргыз профессионал музыкасына негиз салуучулардын бири.

Бүбүсара Бейшеналиева - белгилүү балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Касым Тыныстанов - кыргыз элинин тунгуч жазуучусу, тунгуч эл комиссары, кыргыз тилинин грамматикасын негиздеген профессор жана кыргыз маданиятынын, адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир эткен мамлекеттик ишмер болчу.

Сүймөнкул Чокморов - советтик актёр. Көбүнчө кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган көркөм-тасмаларда роль аткарган.

Алыкул  Осмонов - кыргыз адабиятынын классик акыны.  А.Осмоновдун чыгармалары орто мектепте, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат.

Байымбет Абдракман уулу (Тоголок Молдо) - 1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган. Жазма акын жана манасчы.

Токтогул Сатылган уулу/Сатылганов (1864-1933) - кыргыздын чыгаан демократ акыны, комузчу, төкмө, композитор.

Жусуп Баласагын — дүйнөлүк руханий маданияттын ири өкүлдөрүнүн бири.

"Саякбай Карала уулу (1894–1971)" - манасчы, жомокчу.

Курманжан датка - (1811-1907) - кыргыз элинин 19-кылымдагы чыгаан айымы, датка, данакер, нукура дипломат, коомдук ишмер.

CҮРӨТ БОЮНЧА ТАПШЫРМАЛАРДЫ АТКАРГЫЛА.