Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Cагымбай Орозбак уулу

     Манасчылардын ичинен Сагымбай Орозбак уулу – элибизге кеңири белгилүү улуу таланттардын бири. «Манасты» сактоодо жана өнүктүрүүдө анын эмгеги баа жеткис. Ал 1867-жылы Ысык-Көлдүн күӊгөйүндө туулган. Сагымбай ата бала кезинен эле ырга шыктуу болуп, тамашалуу ырларды көп чыгарган.  «Манас» айтууга 14-15 жашынан тартып эле киришкен.

     Сагымбай ата 55 жашка келген курагында «Манасты» жаздыра баштайт. Аны жазуу төрт жылдан ашуун убакытка созулат (1922-1926-жылдар). Сагымбай ата «Манастын» үч бөлүмүн бүт айтчу экен. Ал гана эмес «Семетейди» да жакшы билген. 1924-жылдан тартып Сагымбай оорулуу болуп калат. Ушуга байланыштуу «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүн жазуу иштери жүргүзүлбөйт. 1930-жылы май айында оорусу катуулап, Кочкорго келип дүйнөдөн кайтат.

 



Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ

КОЁН ӨСТҮРҮҮ

      Мектепте жана үйдө коён өстүрүү кыйын иш эмес. Коён­дор ширелүү талаа чөптөрүн, бедени, кызыл беделерди жакшы көрөт. Отоо чөптөр да аларга жагымдуу.

    Кыргызстандын табигый жана климаттык шарттарынын ыңгайлуулугу, тоюттардын молдугу коёндордун өсүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ошондуктан аларды багуу арзан. Окуучулар, силердин да колуңардан келет. Кыргызстанда коёндордун көп түрлөрү бар. Алардын ичинен Белый великан (ак алп коён)  менен Шиншилла бакма коёндору абдан пайдалуу. Ал республикабыздын көпчүлүк райондорунда өстүрүлөт. Жогорку тукумдагы коёндордун багуусу жакшы болсо, кээсинин тирүүлөй салмагы 7—8 килограммга жетет. Коён жылына 7—8 жолу төлдөйт. Орто эсеп менен 44—55 ке чейин бөжөк ээрчитишет. Бир жайдын ичинде бир центнерге жакын жагымдуу этти, жакшы терилерди берет. Мына ошондой көп кирешелүү болгондуктан коёндорду көп багышат. Арбын төлдөрдү алышат.

 






ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ



Кичинекей комузчу

Биздин класста Самара деген кыз бар. Ата-энеси кыздуу болгондо, «Самара Токтакунова эжесиндей атактуу комузчу болсун» деп атын Самара .
Самара 1-класска киргенде эле мектептеги комуз ийримине . Атасы базардан комуз . Жумасына эки жолу ийримге барып, Айнура эжеден комуз черткенди . Азыр ал 4-класста . Кыргыз күүлөрүн мыкты аткаргандыктан, мугалимдер аны «кичинекей комузчу» деп коюшат.
Бүгүн да мектепте майрамдык кече . Самара «Камбаркан» күүсүн .

Колдонулуучу сөздөр: аткарып жатат, болуп жатат, үйрөнүп алды, окуп жатат, жазылган, коюшуптур, сатып берген