Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

Учур чак

   Кыймыл – аракеттин учурда болуп жаткандыгын билдирет. Эмне кылып жатат? Эмне болуп жатат? деген суроолорго жооп берет.

 

Ким?
Эмне?
Эмне кылып жатат?
манасчы айтып жатат
комузчу чертип жатат
акын жазып жатат
койчу кайтарып жүрөт
уйчу айдап келе жатат
жылкычы сугарып жатат
топозчу санап жатат
багбан жыйнап жатат
сугатчы сугарып жатат
балчы чогултуп жатат

 

 

Ким?
Эмне?

Эмне болуп жатат?

 

мектепте чогулуш болуп жатат
көчөдө майрам болуп жатат
театрда спектакль болуп жатат
сахнада оюн болуп жатат
кинодо кызыктуу окуя болуп жатат
талаада шамал болуп жатат

 

Өзүӊдү текшер!
Таблицага сөздөрдү туура жайгаштыр.