КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!
Өткөн чак
Кыймыл – аракеттин болуп өткөндүгүн билдирип, эмне кылды? эмне болду? деген суроолорго жооп берет.
Уӊгуга –ды (-ди, -ду, -дү, -ты, -ти, -ту, -тү) мүчөсү уланып жасалат.
Мисалы:
| Ким? Эмне? | Эмне кылып жатат? (Учур чак) | Эмне кылды? (Өткөн чак) | 
| Күзөтчү | кайтарып жатат | кайтарды | 
| «Кызыл китеп» | сатылып жатат | сатылды | 
| Корукчу | иштеп жатат | иштеди | 
| Карышкыр | тиштеп жатат | тиштеди | 
| Мал доктур | дарылап жатат | дарылады | 
| Ак илбирс | тамактанып жатат | тамактанды | 
Өзүӊдү текшер!
Таблицага учур чактагы бул сөздөрдү өткөн чакка келтирип, мүчөсүн туура улап жайгаштыр.
(жазып жатат, келе жатат, ойноп жатат, көрүп жатат, атып жатат, кетип баратат, жолугуп жатат, күтүп жатат)
| -ды | |
| -ди | |
| -ду | |
| -дү | |
| -ты | |
| -ти | |
| -ту | |
| -тү | 


