Эне тили
Жер жүзүндө миңдеген тилдер бар. Бирок ар бир адамдын өзүнүн эң жакын жана кадырлап сүйгөн эне тили болот. Тилди сүйүү – бул ошол тилде эркин жана сабаттуу окуу, жазуу жана сүйлөй билүү. Так ушул тил сенин жүрөгүңдү жылыткан жакшы сөздөр болуп айтылат. Сенин көңүлүңдү көтөргөн шайыр ырлар ырдалат. Укмуштуу жомоктор болуп төгүлөт. Эне тил аркылуу гана акылман китептердин дүйнөсүнө кире аласың.