УЛАМЫШ
Нан жөнүндө уламыш
Илгери-илгери эгин баккан бир да дыйкан болбоптур. Ал кезде адамдар тегирменди да билишпептир. Нан өзүнөн-өзү бышып калчу экен. Бекерге көнгөн балдар нандан кээде топ жасап ойношчу болушат. Кай бирде нанды чалчык сууга ыргытып да салышчу экен.
Тентек балдардын мындай жоругу дан аттуунун баарын аябай таарынтыптыр. Күндөрдүн биринде буудай аларды чогултуп:
- Мындан көрөкчө, көз көрбөгөн бир жакка кетели! Ызаланган немелер баары буудайдын пикирин жакташат. Нан да тигилердин пикирине кошулат.
Убада боюнча бардык дандар, андан жасалган таттуу нандар көк деңизди көздөй жол тартышат. Эптеп ага жетсе, анын түбүнө бекинип алышмак. Жолду баарынан улуусу - арпа баштайт.
Нанды тебелеп ойногон тентектер ошол кырсыктуу түндө бейкапар укташат. Кадимкидей чак түштө ойгонушуп, беттерин жуубастан нан салган чыгданга чуркашат. Мына кызык! Тентектин баары нан таппайт. Бадырак жейли десе, дан жок.
Ошондо нан издегендерге чоң эне мындай дейт:
- Дандардын, нандардын бизден качып кетишине өзүңөр күнөөлүүсүңөр, балдарым. Силер кесир кылып, аларды кордобосоңор, баары тең мурдагыдай ушул жерде болушмак. Эми эр болсоңор нан таап көргүлө. Тезинен жетип, Акыл чоң атаңардан эмне кылуу керектигин сурагыла.
Акыл атага баруучу жол өтө татаал эле. Арга канча зор кыйынчылык менен аны таап барышат. Балдардын келген себебин ата айттырбай билет. Тентектерге өтө нааразы экендигин айтат. Ачуусуна чыдабай тиштерин кычыратат. Ошондо балдардын коркконун айта көрбө!
Буулуккан чоң ата бир оокумда мындай дейт:
- Болор иш болду. Күнөө өзүңөрдө. Бирок жакшылыктан үмүт үзбөйлү. Баарыбыздын тагдырыбыз көк дөбөттүн колунда.
Балдар уккандарына түшүнбөй, бири-бирин карашат. Чоң ата балдарга иттин жайын түшүндүрөт.
Дан жана андан жасалган нандын баары качкан түнү Акыл чоң ата менен көк дөбөт гана ойгоо болчу. Кырсыкты дароо түшүнгөн чоң ата көк дөбөттү куугунга жөнөткөн.
Көк дөбөт качкандардын артынан сая кууйт. Таманын таш тилет. Жетип-жетпей кыйналып барат. Акыры алдыларынан тозоордо, качкандар көк деңизге жетип үлгүрүшөт. Болгону бир ууч гана дан ишенимин актап, сыйга татыктуу болот.
Эстүү балдар жаңылыштыгын моюндарына алышат. Эси жоктору баары бир түшүнүшпөйт.
- Эми, - деди чоң ата, - ким эмгектенбесе, ага дан жок. Дан жок болгон соң, нан да жок. Ошол күндөн баштап, адамдар дыйканчылыкты кесип кылып алышыптыр. Ун тартып, нан жасаганды үйрөнүшүптүр.
«Нанды кордобогула, кесир болот», - деген накыл сөз ошондон калган тура.
ТАБЫШМАКТАР
Узунунан кесилет,
Сууга салса эзилет.
Өӊү сары, бардыгына дары.
Бири кара, бири ак,
Башкадан сыйлуу бул тамак.
Жайкы келген конокко,
Жасап бериш жакшы салт.
Кайсы тамак болду экен,
Мунун жообун ким табат?
МАКАЛ-ЛАКАПТАР
Сүттөн оозу күйгөн, айранды да үйлөп ичет.
Обжёгшись на молоке, станет дуть и на айран.
Өлө жегенче, бөлө же.
Чем обжираться, лучше ешь делясь.
Эт – этке, сорпо – бетке.