Кыргызча   Русский



УЛАМЫШ


 

"Мүйүздүү Бугу Эне"

- Ашыкпа, акылман эне, күнөөсүз балдарды жайлаба!

Майрык-Чаар-Жезкемпир кылчая карады, кылчайып алып айран таң.

- Сен кимсиң? Адамча сүйлөп кубулган кандай жансың? - деди Майрык-Чаар-Жезкемпир.

- Мен Бугу-Эне болом. Адамча сүйлөбөсөм сен кайдан түшүнмөксүң, кайдан собол укмаксың.

- Каалаганың эмне, Бугу-Эне?

- Балдарды коё бер, акылман эне. Сенден суранарым, ушул эки чүрпөнү мага бер.

- Буларды эмне кыласың?

- Адамдар эгиз музоомду атып өлтүрүштү. Балдарымдын ордуна бала издеп жүрөм.

- Ушу балдарды эмизип багып алам дейсиңби?

- Ошентем, акылман чоң эне.

- Жакшылап ойлондуңбу, Бугу-Эне? - деп күлдү Майрык-Чаар-Жезкемпир. Булар деген адам баласы. Чоңоюп алып, өзүңдүн бугучаларыңа ок атат, ошону ойлондуңбу?

- Чоңойгондо булар бугучаларыма кол көтөрбөйт, - деди маралдын умай энеси. Мен буларга эне болом, булар мага бала болуп калат. Анан кантип өз ага-карындаштарына жамандык санасын?

- О, кең пейил Бyгy-Эне, буларды кайда алып барасың?

- Эч ким таппас алыс жактарга алып кетем бул балдарды.

Бугу-Эне Майрык-Чаар-Жезкемпирди алкап узатты да, анан уул бала менен кыз балага айтты:

- Балдарым, мына эми мен силердин энеңермин. Мен силерди ак кардуу алкак Ала-Тоосу бар, күмүштөй Теңир-Тоосу бар, боордо токой чери бар, ортосунда Ысык-Көлү бар жерге алпарам. Кыргыз тукуму курут болуп кетерде экөөң элдин атын өчүрбөй кайра тукум улансын, укум-тукумуна мекен болсун деп мен ал жерди Теңирден сурап алдым.

   Ошентип жүрүп отуруп, акыры Бyгy-Эне балдарын Ысык-Көлгө жеткирди. Туу чокудан карап туруп, көргөн көздөрүнө таң калышты. Тегерете курчаган ак карлуу алкак Ала-Тоо, боор жапкан чер токой, ортодо мөлтүрөгөн көк ирим көл. Буурул жал толкундары арылдаган шамалга бир четинен түрүлүп, бир четинен үркүп жатат. Көлдүн баш-аягына көз жетпейт. Этегинен күн чыкса, төрүндө али таң ата элек. Тегерете кур­чаган алкактанган Ала-Тоо чокусуна сан жеткис, Ала-Тоонун аркасы мунарланган Теңир-Тоо катарына сан жеткис.

- Мына ушул жер силерге мекен болот, - деди Мүйүздүү Бугу- Эне. Жер тилип, эгин эккиле. Мал багып, балык уулагыла. Ошентип бейпил кеңчилик, бейкут тынчтыкта миң-миң жыл өмүр сүргүлө. Сүйлөсө тилге жатык, укса кулакка мукам, алыстан ала келген эне тилиңерди укум-тукумуңар унутпасын. Эне тилинде эл-жерин даңазалап ырдап жүрсүн. Кишиден кем болбогула, башка элге тең болгула. Мен эми силерге, силердин укум-тукумуңарга Умай Энемин, силер менен түбөлүккө бирге болом...

   Ошентип кырылган кыргыздан калган уул бала менен кыз бала  Теңирдин  батасы  тийген Ысык-Көлдү мекендеп туруп калышат.


 

ТАБЫШМАКТАР

 

Тегереги от,

Ортосу суу.

Бир аздан соӊ,

Көтөрүлөт буу,

Салат чуу,

Тезинен тап,

Эмне бу?! 

Аттан бийик,

Иттен жапыз.

Тептим, терекке чыктым.

 

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Эл сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас ат болбос.

Нет молодца, который не тосковал бы по своему народу.               Нет коня, который не скучал бы по своему косяку.

Билим – элге, суу – жерге.

Знанье – народу, вода – земле.