СҮРӨТ БОЮНЧА АЙТЫП БЕРГИЛЕ.
СИЛЕР ДА СҮРӨТ ТАРТКАНГА МАШЫККЫЛА.
Абдылас Малдыбаев - композитор, ырчы (тенор) жана артист катары кыргыз профессионал музыкасына негиз салуучулардын бири.
Бүбүсара Бейшеналиева - белгилүү балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрүнүн бири.
Касым Тыныстанов - кыргыз элинин тунгуч жазуучусу, тунгуч эл комиссары, кыргыз тилинин грамматикасын негиздеген профессор жана кыргыз маданиятынын, адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир эткен мамлекеттик ишмер болчу.
Сүймөнкул Чокморов - советтик актёр. Көбүнчө кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган көркөм-тасмаларда роль аткарган.
Алыкул Осмонов - кыргыз адабиятынын классик акыны. А.Осмоновдун чыгармалары орто мектепте, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат.
Байымбет Абдракман уулу (Тоголок Молдо) - 1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган. Жазма акын жана манасчы.
Токтогул Сатылган уулу/Сатылганов (1864-1933) - кыргыздын чыгаан демократ акыны, комузчу, төкмө, композитор.
Жусуп Баласагын — дүйнөлүк руханий маданияттын ири өкүлдөрүнүн бири.
"Саякбай Карала уулу (1894–1971)" - манасчы, жомокчу.
Курманжан датка - (1811-1907) - кыргыз элинин 19-кылымдагы чыгаан айымы, датка, данакер, нукура дипломат, коомдук ишмер.
CҮРӨТ БОЮНЧА ТАПШЫРМАЛАРДЫ АТКАРГЫЛА.