КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!
Келер чак
Жекелик санда |
Мүчөсү |
Мисалы |
|
1-жак |
Мен |
-а (-й) мын -е (-й) мин -о (-й) мун -ө (-й) мүн |
ырдаймын бийлеймин ойноймун сүйлөймүн |
2-жак |
Сен |
-а (-й) сыӊ -е (-й) сиӊ -о (-й) суӊ -ө (-й) сүӊ |
ырдайсыӊ бийлейсиӊ ойнойсуӊ сүйлөйсүӊ |
Сиз |
-а (-й) сыз -е (-й) сиз -о (-й) суз -ө (-й) сүз |
ырдайсыз бийлейсиз ойнойсуз сүйлөйсүз |
|
3-жак |
Ал |
-а (-й) т -е (-й) т -о (-й) т -ө (-й) т |
ырдайт бийлейт ойнойт сүйлөйт |
Көптүк санда |
Мүчөсү |
Мисалы |
|
1-жак |
Биз |
-а (-й) быз -е (-й) биз -о (-й) буз -ө (-й) бүз |
ырдайбыз бийлейбиз ойнойбуз сүйлөйбүз |
2-жак |
Силер |
-а (-й) сыӊар -е (-й) сиӊер -о (-й) суӊар -ө (-й) сүӊөр |
ырдайсыӊар бийлейсиӊер ойнойсуӊар сүйлөйсүӊөр |
Сиздер |
-а (-й) сыздар -е (-й) сиздер -о (-й) суздар -ө (-й) сүздөр |
ырдайсыздар бийлейсиздер ойнойсуздар сүйлөйсүздөр |
|
3-жак |
Алар |
-ыш+а+т -еш+е+т -ош+о+т -өш+ө+т
-уш+а+т -үш+ө+т -иш+е+т -ыш+а+т |
ырдашат бийлешет ойношот сүйлөшөт угушат үшүшөт келишет барышат |
Өзүӊдү текшер!
1. Мен эмне кылам?
Мен Ысык-Көлгө бар… .
2.Сен эмне кыласыӊ?
Сен сууга түш… .
3. Сиз эмне кыласыз?
Сиз чабак ур… .
4. Ал эмне кылат?
Ал сууда сүз … .
5. Биз эмне кылабыз?
Биз ден-соолукту чыӊд… .
6. Силер эмне кыласыӊар?
Силер күнгө күй…. .
7. Сиздер эмне кыласыздар?
Сиздер сууда топ ойн… .
8. Алар эмне кылышат?
Алар кемеге түш… .