Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Эне тили

    Жер жүзүндө миңдеген тилдер бар. Бирок ар бир адамдын өзүнүн эң жакын жана кадырлап сүйгөн эне тили болот. Тилди сүйүү – бул ошол тилде экин жана сабаттуу окуу, жазуу жана сүйлөй билүү. Так ушул тил сенин жүрөгүңдү жылыткан жакшы сөздөр болуп айтылат. Сенин көңүлүңдү көтөргөн шайыр ырлар ырдалат. Укмуштуу жомоктор болуп төгүлөт. Эне тил аркылуу гана акылман китептердн дүйнөсүнө кире аласың.

 

Эне тили

Эне тилин билбеген,

Эси жогун аныктайт.

Эне тилин сүйбөгөн,

Элин сүйүп жарытпайт.

Орус тили жылдызда,

Биздин ушул заманда.

Бирок кыргыз кыргызча

Сүйлөбөсө жаман да.

                            Б. Сарногоев



Өзүӊдү текшер!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

Торгой

   Торгой 2000ге жакын түркүн үн чыгарып сайрайт. Бир секундда 130 түркүн кубулжуган үн угууга болот. Ал 300 метр бийиктикке көтөрүлгөндө көздөн кайым болот. Анын сайраганы 600 метр бийиктиктен жерге шашпай угулат.

 



1-июнь – Балдарды коргоо күнү
Балдарды коргоо

Ар бир бала өз ата-энеси мээриминде болуп өссө бактылуу болот эмеспи. Бирок турмушта мындай бакыт бардык эле балага берилбейт турбайбы.
Биз өзүбүз айланабызды карайлычы. Кээ бир бала апасы, кээ бирөө атасы жок. Ал тургай атасы да, энеси да жок өсүп жаткандар да бар. Аларды жакын туугандары багып алышат, же болбосо балдар үйлөрүндө чоӊоюшат. Мамлекет аларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыз кылат. Билим, тарбия берип, турмушка даярдайт. Жөнөкөй адамдар да балдар үйүнө кайрымдуулук кылышып, акчалай жардам берип турушат. Окуу куралдарын, оюнчуктарды сатып беришет. Ата-энеси жок балдар эч нерседен кем болбой жашашсын деп күнүмдүк керек нерселерди жеткиришет.
Мамлекет да, курчап турган боорукер адамдар да мындай балдарды коргоого алышат. Балдар келечеги кеӊ болушун каалашат.

Колдонулуучу сөздөр: -дүн, -нүн, -нин, -дын, -нын