КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!
Маанилеш жана карама-каршы
маанидеги сөздөр
Кыргыз тилинде мааниси жагынан бири-бирине жакын же окшош болгон сөздөр кездешет. Алар синонимдер деп аталат.
Мисалы:
апа |
эне |
үй |
там |
нан |
токоч |
муздак |
суук |
семиз |
толук |
абышка |
карыя |
коркту |
жүрөгү түштү |
күлдү |
жылмайды |
Кыргыз тилинде бири-бирине карама – каршы мааниде колдонулган сөздөр көп кездешет. Алар антонимдер деп аталат.
Мисалы:
чоӊ |
кичине |
жакын |
алыс |
жакшы |
жаман |
аз |
көп |
акылдуу |
акылсыз |
күчтүү |
күчсүз |
боорукер |
таш боор |
ак |
кара |
Өзүӊдү текшер!
Синоним сөздөрдү туура табалы.
кымбат
айыр
жакшы
колу ачык
бир
эстүү
бак
мыкты
акылдуу
дарак
жырт
баалуу
берешен
колунан көөрү төгүлгөн
уз
жалгыз

Антоним сөздөрдү туура табалы.

кымбат | айыр |
жакшы | колу ачык |
бир | эстүү |
бак | мыкты |
акылдуу | дарак |
жырт | баалуу |
берешен | колунан көөрү төгүлгөн |
уз | жалгыз |



