Кыргызча   Русский



ЖОМОК

КҮКҮК МЕНЕН ЗЕЙНЕП

Илгери-илгери бир куш жыгачтын башына уя салып, эки балапан чыгарат. Балапандардын биринин аты - Күкүк, экинчисиники - Зейнеп экен. Балапандар чоңоюп, уядан учууга жакындап калат. Учарга жакын Күкүк менен Зейнеп алмак-салмак канаттарын күүлөп, машыга баштайт.

Бир күнү Күкүк уянын кырына чыгып алып талпынат. Талпынып жатып, уядан кулап түшүп, жердеги жаракага кирип кетет.

Уяда калган Зейнеп бир тууганына кантип жардам берерин билбей чыркырап кала бериптир. Күкүк ошол бойдон дайынсыз жоголот.

Бир оокумда Зейнеп менен Күкүктүн ата-энеси келип, Күкүктүн жер алдына кирип кеткенин угушуп, артынан издеп жөнөшөт. Жаракага түшүп, алар да жок болот.

Уяда бир нече күн «кү-күк» деп сайрап отуруп, Зейнеп да учуп кетет. Ошол күндөн бери Зейнеп бир тууганын чакырып, «Кү-күк» деген боюнча жүрөт. Ал эми Күкүк жер алдында жашап, «Зей-неп» деп чакыра берет экен. Ошентип, алар ушул күнгө чейин бирин-бири издеп, үн алышып, сайрап жүрүшүптүр.

 

ТАБЫШМАКТАР

Канаты бар, куш эмес,

Суу түбүндө таш эмес.

 

Ысык-Көлдөн ит үрөт.

 

 

Талаага килем жайдым.

Узун-узун узарат,

Башы муштумдай болуп кызарат.

 

Муун-муун муунчак,

Муун ала түйүнчөк,

Сегиз кыздын энеси,

Селкилдеген келинчек,

Узун-узун бою бар,

Курамалуу тону бар.

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Балык башынан сасыйт

Рыба гнeёт с головы.

 

Бөрү азыгы – жолдон.

Волка ноги кормят.