ЖОМОК
ДАНЕК
Данек дүйнөгө жаңы келгенде жылаңач болчу. Эч кандай көрүмү жок, ар ким карап кайдигер өтүп кетет. Бирок ичи толтура үмүт эле данектин. Ал данек алыc барып, суусу мол, күнү ысык, топурагы жагымдуу жерге түшүп, ошол жерден зор дарак болуп өнүп чыгууну эңсейт. Ооба, анын ичи толтура каалоо, үмүт эле. Ким аны ошондой жерге жеткирет, ким? Эч ким.
Баары, чымчык да, карга да, же башка жандык да аны карабайт. Баардыгы башка жакка кетишет. Эмне издешет, ким билет.
Жылаңач данек бутакта көпкө турду. Ал тажап кетти. Ыйлагысы келди. Күн бүркөлүп, тунук тамчылар көктөн учуп келип тийүүдө. Асман ыйлап жатат. Жер күлөт. Ый, күлкү аралаш.
Данектин жүрөгүндө жаңы сезим пайда болду. Аны өзү да толук түшүнө элек. Бирок ал дүйнөгө башкача карап калды.
Ушул күндөн баштап данектин сыртын эң жука көк кабык каптады. Кабык күндөн-күнгө калыңдай берди. Данек да демин ичине алып, желп эткен желге да, тып эткен тамчыга да, учуп жүргөн канаттууларга да ыраазычылык, урматтоо менен карайт. Данектин кабыгы калыңдап, ал мурдагыдай көпкөк болбостон, аздап агарып калды. Данектин сезиминде кандайдыр таттуулук пайда болду.
Күндөр өтө берди, күн өткөн сайын данектин кабыгы актан сарыга айланды, сарыдан кызыл боло баштады. Дагы бир жумадай убакыт өттү. Данектин кызарган сырты ого бетер калың тартып, жумшак, таттуу болуп калды. Данек эми сабагынан бошоп, ушул жерге түшүп каламбы деп коркту. Коркуу жана кубануу аралаш. Данек бекер эле корккон экен. Күндөрдүн биринде бышкан мөмөнү тумшугу курч, канаттары күчтүү чыйырчык келип, тиштеп алып, алыска учуп кетти. Бул убак күзгү бышыкчылык болчу.
ТАБЫШМАКТАР
Чылбыры бар, жүгөнү жок,
Жетелеп адам жүргөнү жок.
Эти семиз сөөгү жок,
Териси калыӊ, жүнү жок.
Жер астында алтын казык.
Кичинекей бою бар,
Кабат-кабат тону бар.
Үстү жашыл,
Асты кызыл,
Жерде өсөт.
МАКАЛ-ЛАКАПТАР
Билгенден биле элегиӊ,
Көргөндөн көрө элегиӊ көп.
Знаешь одно, а не знаешь – тысячу.
Кылганыӊ бирөө үчүн, үйрөнгөнүӊ өзүӊ үчүн.
Делаешь для другого, а учишься для себя.
Иштеген тиштейт.
Кто работает, тот и ест.