ТЕКСТ ОКУУ
ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ
Чыпалак бала
Бар экен, жок экен бир кемпир-чалдын бою чыпалактай баласы бар экен. Чыпалак деген бала чыпалактай эле болгон экен. Чыпалак балтыркандын жалбырагына көкөлөп уктап жатса, ошол жерде оттоп жүргөн төө жалбырак менен кошо аймап коюптур. «Төө жутканын билбейт, кепшегенин билет» - деп ошондон улам айтылып калган тура.
Чыпалак төөнүн ичинен чыңырып жардам сурайт. Аны уккан абышка төөнүн курсагын жара тартып, баланы куткарып алыптыр.
Өзүӊдү текшер!
Жомокту андан ары өзүӊ улантып көрчү.
Чыпалак бала атасына жардам бере алабы?
Жомоктун мазмуну боюнча сүрөт тарт.
Туура которгула!


