Кыргызча   Русский



ЖОМОК

КАЛП ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ

    Илгери бир Жумаалы деген калпычы болуптур. Ал калп айтканды өнөр кылып алыптыр. Калп айтпаса тура алчу эмес экен. Бир күнү түн ортосунда эл кызуу уйкуда жатканда эшикке чыгып, үнүнүн баардыгынча:

  -Малга карышкыр тийди! Эл-журт, жардамга! - деп кыйкырат.

   Элдин баары ойгонуп туш-туштан жабыла чуркап келишет. Карашса баардыгы тынч, эч кандай карышкыр жок. Жу­маалы калп айтып элди алдаганына кубанып күлүп отурат.

    Алданган эл Жумаалыны «акмак, келесоо» деп тилдешип үйлөрүнө кайтышат.

      Күндөрдүн биринде Жумаалы дагы түн ортосунда туруп алып азан-казан түшүп;

   -Ой, эл-журт, сактангыла, тоодон сел каптап келе жатат. Өлдүк! - деп кыйкырат.

    Үрөйү учкан эл балдарын жетелеп, сыртка чуркап чыга баштайт, караса баары тынч. Эч кандай сел агып келатканы көрүнбөйт. Жумаалы болсо калп айтканына кубанып, ыкшып күлүп жатыптыр. Бул жорукка ыза болгон элдер аны урмакчы болушат. Ошондо аксакалдар арачалап:

  -Акмакты жайына койгула. Бир күнү калпынын азабын тартат, - дешет.

    Арадан көп күндөр өтөт. Түн ичинде капыстан Жумаалынын үйү өрттөнөт. Эптеп сыртка качып чыгышат. Жумаалынын жан-алы калбай:

-Ой, эл-журт, жардам бергиле! Үйүм өрттөнүп жатат. Өлүп кетейин, чын эле чатырап өрттөнүп жатат, - деп нары бери чуркап элди чакырат.

«Баягы көп калпынын бири да» деп эч ким үйдөн чыкпай коёт. Эртеси туруп карашса, чын эле үйү өрттөнүп дубалы эле калыптыр. Жумаалы үй-бүлөсү менен ыйлап отурушат. Эл Жумаалыга жардам берип, өрттөнгөн үйүн оңдоп коюшат.

Жумаалы ыйламсырап, элге ыраазычылыгын билдирет.

Ошондон кийин Жумаалы эзели калп айтпай калган де­шет.

ТАБЫШМАКТАР

Ийнедей жалгыз аягы,

Түптүз жолдо жорголойт.

Мончоктой болуп тизилип,

Учунан сөздөр шорголойт.

 

Өзү аппак жазылат,

Жер түбүнөн казылат.

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Карысы бардын ырысы бар.

У кого есть дед, у того и обед.

 

 

Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат.