Кыргызча   Русский



УЛАМЫШ

Бишкек баатыр 

     Илгери-илгери Бишкек деген баатыр киши чыгыптыр. Жылдардын биринде эл талаадан тоого Аламүдүндүн Чуңкурчак деген жайлоосуна көчүп барганда, Бишкек келте оорусу менен ооруп калат. «Келте» менен «чечек» оорусунан эл жугуштуу деп абдан коркчу экен. Бишкекти үй-бүлөсү менен Чуңкурчак жайлоосуна жалгыз үй калтырып, жамаатташ конгон эл жайлоого көчө качып кетет. Бишкек оорусунан өлмөк болорун билгенде:

   - Балдарым! Бишкек деген ат өз керт башыма, эрдигиме гана таандык. Алдуу, күчтүү кезимде эрдигиме, балбандыгыма таянып, эл билген, журт башкарган билермандар, байлар, манаптар мени караан-жоро кылып урмат-сыйлап өздөрүнө жакын алып жүрүштү. Мурда караанымдан айланып чуркашып, тирек кылган бир дагы байдын, манаптын үстүмө келип көңүлүмдү сураганын көрбөдүм. Алар менин оорумдан коркушуп, журтка жалгыз калтырып көчө качып кетишти. Армандуу дүйнө деген мына ушундай экен, балдар. Эми мен, жарык дүйнө менен, силер менен, эл-журтум, жашыл жайлоо, таза аба, тунук булак, күндүн нурдуу шооласы ме­нен түбөлүккө коштошомун. Бирок менин сөөгүмдү Чуңкурчак жайлоосуна, тоо-таштын арасына жалгыз бейит кылып калтырбагыла. Сөөгүмдү Аламүдүн суусунун боюна, кара жолдун түндүк жагындагы жээктеги дөбөгө алып барып койгула. Ал жерде да эч көрүстөн жок. Бирок, жыл бою Анжыян, Ташкент тараптан Токмок жана Ысык-Көлдү карай тынымсыз жүрүп турган жүргүнчүлөрдүн карааны мени жалгызсыратпайт. Колуңардан келсе бир жылдан кийин күмбөз тургузуп койгула, - деп Бишкек керээзин айтып дүйнөдөн кайтат.

   Балдары атасынын айтканын айткандай аткарышат. Сөөгүн Аламүдүн суусунун боюна кара жолдун алдындагы дөбөгө коюшат. Бир жыл өткөндөн кийин Бишкектин беш уулу атасына күмбөз тургузушат.

    Өткөндөр ал жерге токтоп, куран окушат. Соодагерлер кербен сарай салышып, чайкана ачышат. Ар улуттун өкүлдөрү отурукташа башташат. «Бишкекте түнөдүк, Бишкектен жөнөдүк» деп жүрүп, ал жер Бишкек деп аталып кетет.

     Ошентип, жылдан жыл өткөн сайын ал жер чоң шаарга айланат. Кийин ал шаар республиканын борбору болуп, Бишкек шаары деп аталып калат.

ТАБЫШМАКТАР

 

Ичи-ичинде,

Ичегиси тышында.

Үйгө чыккан гүлкайыр,

Жайы-кышы соолубайт.

Тепсесе да бул гүлдү,

Үй ээси такыр корубайт. 

Кулагы бар, башы жок,

Курсагы бар, чачы жок.

 

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

 

 

Эл болбосо, эр болбойт.

Героя родит народ.

 

Эл ичи – алтын бешик.

Народ – золотая колыбель.