КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!
-дан мүчөсү.
-дан мүчөсү уланган сөз нерсенин, кыймыл-аракеттин кимден, эмнеден, кайдан чыккандыгын билдирет.
-дан мүчөсү бир нече вариантта өзгөрүп айтылат.
Мүчөсү | Кимден? | Эмнеден? | Кайдан? |
-дан | балчыдан | ак куудан | Африкадан |
-ден | мугалимден | ||
-дон | кыргоолдон | ||
-дөн | Ысык-Көлдөн | ||
-тан | тоӊкулдактан | ||
-тен | артисттен | ||
-тон | тооктон | ||
-төн | Түптөн |
Өзүӊдү текшер!
Таблицага бул сөздөргө –дан мүчөсүн туура улап жайгаштыр.
(дүкөнчү, учкуч,композитор,Болот, Үмүт,
бактек, бөдөнө,бүркүт,чабалекей, тоок,
Бишкек, жайлоо, кыштак, Ош, Кара деӊиз)