Кыргызча   Русский


4. Окуп түшүнүү


а) Текстти окуп, маанисин түшүнүп алгыла        

 

Жан азыгы жагымдуу музыка

          Илгери 1279-жылы VIII кылымда Фес шаарында, 1Х кылымда Багдад менен Дамаскта, Алепподо бейтапканалар ачылып, оору-сыркоолорду музыканын жардамы менен дарылоо ыкмасы колдонулган. Ал эми байыркы түрк уруулары музыка жана үн аркылуу таасир эткен адамды «бакшы» же «кам» деп аташкан. 1248-жылы Каирдин башкаруучусу Аль-Мансур Сайфиддин «Мансурийя» ооруканасын курдурган. Бул жерде ар кыл музыкалык аспаптар кеңири колдонулган. «Мансурийя» бейтапканасы бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган, ал жерде да байыркы дарылоо ыкмасы дале колдонулат.

          Байыркы Осмон жана Сельжук өлкөлөрүндө да музыка менен дарылоо ыкмасы кеңири колдонулган. Түркиянын Эдирне шаарында жайгашкан Дарулшифа дарылоо мекемеси Осмон маданиятынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Бул жайдын ортосунда орун алган сахнада сценкалар коюлуп турган. Ал эми мунаранын алдындагы фонтан кишинин жарпын жазып турган. Адистер кайсы ооруга кандай тон, кандай ыргак туура келерине чейин тактап, кайсы убакта кандай музыканы угуу маанилүү экендигин да аныкташкан. Соңку кездерде медицина илими музыканын таасирин дагы тереңирээк изилдөөгө киришти. Мисалы, азыр Түркиянын Мармара университетинде музыканын өнөкөт ооруларына жана психологиялык жабырланууларга каршы таасири изилденүүдө.

          Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Моцарт менен Вивальдинин музыкасы жүрөктүн согушун басаңдатып, мээ толкундарын жөнгө салуу менен кыймылдуулукту азайтат. Ал эми айрым заманбап бейтапкаларда телерадиолордон жана компьютердик жабдуулардан чыккан үндөр пайдаланылат. Ошондуктан табият таруулаган угуу жөндөмдүүлүгүбүздү туура колдонуп, жагымдуу музыканын жардамы менен сезимталдыгыбызды өрчүтөлү. Ар дайым жан соолугуңуздар жана ден соолугуңуздар жайында болсун!



б) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле


1. Текстте эмнелер жөнүндө сөз болду?


2. Музыка деп эмнени түшүнөбүз?


3. «Мансурийя» бейтапканасында көркөм окуулар эмне тууралуу өткөрүлгөн?


4. Музыканын жардамы менен . . . . .


5. Алгачкы байтапканалар кайсы жерлерде ачылган?


6. Белгилүү оорукананын аты жана аны ким курдурган?


7. Заманбап бейтапканада эмнелер колдонулат?


8. Моцарттын музыкасы . . . . .







в) Макалдарды билип алгыла.

Дени соонун жаны соо.

Дарты жок, дары издебейт.

Дат темирди жейт, дарт өмүрдү жейт.

Дарт кетсе, дарыгер эстен чыгат

Оору кайда болсо, жан ошол жерде.

Жашоо ырахаты - ден соолук.

 



г) Макалдарды эстегиле