Кыргызча   Русский


5. Угуп түшүнүү


а) Ырдын көркөм окулушун уккула жана өз алдыңарча окугула

       Тушоо кесүү

Боюн түзөп бөбөктөр,

Там-туң баскан кезинде.

Тушоо кесүү той өтөт,

Менин кыргыз элимде

 

Тойдо шаңдуу ыр ырдап,

Чуркашат балдар чымылдап.

Биринчи келген балага,

Белек берет ырымдап.

 

Бөбөгүң да өзүндөй,

Күлүк болсун деп айтат.

Ак бата берип баарысы,

Бакыт тилеп эл кайтат. 



б) Ырдагы түшүп калган сөздөрдү койгула

Тушоо кесүү

Боюн түзөп ,
баскан кезинде.
Тушоо кесүү өтөт,
Менин элимде

Тойдо ыр ырдап,
балдар чымылдап.
Биринчи келген ,
берет ырымдап.

Бөбөгүң да ,
Күлүк деп айтат.
берип баарысы,
Бакыт тилеп кайтат.

Колдонулуучу сөздөр: шаңдуу , Ак бата , болсун , бөбөктөр , балага , өзүндөй , Там-туң , Чуркашат , той , эл , кыргыз , Белек