Кыргызча   Русский


5. Угуп түшүнүү


а) Сөздөрдү эки тилде өздөштүрүп алгыла

ашыкпа, акылман эне – не спеши, мудрая мать
күнөөсүз балдарды өлтүрбө – не убивай безвинных детей
эгиз музоомду – моих близнецов
атып өлтүрүштү – застрелили
ак карлуу Ала-Тоо – белоснежные Ала-Тоо  мөлтүрөгөн көл
мөлтүрөгөн көл – прозрачное озеро
тилиңерди укум-тукумуңар унутпасын -пусть род ваш не забывает свой язык  
эне тилинде эл-жерин даңазалап ырдап жүрүшсүн – на родном языке воспевают Родину  


а) Сөздөрдү эки тилде өздөштүрүп алгыла







в) «Ак кеме» повестинен үзүндүнү уккула

Ак кеме

Балдарды сууга түрткөнү жатканда:

– Ашыкпа, акылман эне, күнөөсүз балдарды өлтүрбө! – деген үн угулду. Майрык-чаар жезкемпир карап калды. Жанында Бугу-эне турат.

– Адамча сүйлөгөн сен кимсиң? Сага эмне керек? – деди Майрык-чаар жезкемпир…

– Мен, Бугу-Эне боломун. Мага ушул эки баланы бер, – деди Бугу-Эне.

– Буларды эмне кыласың?

– Адамдар балдарымды өлтүрүштү. Балдарымдын ордуна бала издеп жүрөм. Бул балдарды багып алам.

– Кантейин болуптур. Бирок бул жерден тез кет.

– Бугу-Эне кыз менен балага:

– «Балдарым, эми мына мен силердин энеңермин. Мен силерди ак карлуу Ала-Тоосу бар, ортосунда Ысык-Көлү бар жерге алып барам».

Акыры Бугу-Эне балдарын Ысык-Көлгө жеткирди. Балдар таң калышты. Тегеректе курчаган ак карлуу Ала-Тоо, боорунда чер токой, ортодо мөлтүрөгөн көл.

– Мына, ушул жер силерге Мекен болот. Тукумуңар көбөйсүн. Укса кулакка мукам, сүйлөсө тилге жатык алыстан ала келген тилиңерди укум-тукумуңар унутпасын, эне тилиңде эл-жерин даңазалап ырдап жүрсүн.

Ошентип, кырылган кыргыздын калган уул бала менен кыз бала Ысык-Көлдү мекендеп калган экен.

 

 

 

г) «Ак кеме» повестинен үзүндүнү  ролдоштуруп окугула.

Балдарды сууга түрткөнү жатканда:

– Ашыкпа, акылман эне, күнөөсүз балдарды өлтүрбө! – деген үн угулду. Майрык-чаар жезкемпир карап калды. Жанында Бугу-Эне турат.

– Адамча сүйлөгөн сен кимсиң?  Сага эмне керек?  – деди Майрык-чаар жезкемпир…

– Мен, Бугу-Эне боломун. Мага ушул эки баланы бер, – деди Бугу-Эне.

– Буларды эмне кыласың?

– Адамдар балдарымды өлтүрүштү. Балдарымдын ордуна бала издеп жүрөм. Бул балдарды багып алам.

– Кантейин болуптур. Бирок бул жерден тез кет.

– Бугу-Эне кыз менен балага:

– «Балдарым, эми мына мен силердин энеңермин.  Мен силерди ак карлуу Ала-Тоосу бар, ортосунда Ысык-Көлү бар жерге алып барам».

Акыры Бугу-Эне балдарын Ысык-Көлгө жеткирди. Балдар таң калышты. Тегеректе курчаган ак карлуу Ала-Тоо, боорунда чер токой, ортодо мөлтүрөгөн көл.

– Мына, ушул жер силерге Мекен болот. Тукумуңар көбөйсүн. Укса кулакка мукам, сүйлөсө тилге жатык алыстан ала келген тилиңерди укум-тукумуңар унутпасын, эне тилиңде эл-жерин даңазалап ырдап жүрсүн.

Ошентип, кырылган кыргыздын калган уул бала менен кыз бала Ысык-Көлдү мекендеп калган экен.

 

 

 

б) Анархан Дөөлөтказиеванын ырындагы «Арыба, Ак кеме, мен келдим!» аттуу ыр саптарын көркөм окугула.

Таятасы айтып берген,

Бир жомок чыкпайт эстен.

Мүйүзүнө бешик илип,

Келаткан сууда сүзүп.

Мээри бажырайган,

Бугу эне кайда кеткен?

Бугу эне, касиеттүү Бугу эне,

Бир бала ала келчи эжекеме.

Орозкул кыйнабасын,

Бекей эжем ыйлабасын.

Бугу эне келип кетчи,

Бир бала бере кетчи.

Тилегин Кудай берип,

Бугу эне калды келип.

Түшүмбү деп ишене албайт,

Өңүмбү деп ишене албайт.

Көздөрүн ачып-жумат,

Маңкайган бугу көрүп.

Аңгыча тарс дей түштү,

Бугу эне жалп дей түштү.

Белегин бербей калды,

Бекейди көрбөй калды.

Асман, жер аңтарылып,

Балага жашоо бүттү.

Бугу эне, касиеттүү Бугу эне,

Жүр бирге кетели эмесе,

Балык болуп сүзүп кетели,

Жылдыз болуп учуп кетели.

Карасы көп бул дүйнөгө,

Калтырба мени, Бугу эне!