1. Окуп түшүнүү
Майрамдар
а) Сөздөрдү эки тилде билип алгыла
соңку | – последний |
айыл | – село |
кезектешип | – по очереди |
бээ | – кобыла |
ууз | – молозиво |
байлашкан | – откармливали |
куйкалап | – опаливали |
белек | – подарок |
үлүш | – земельный надел |
үлүш майрамы | – здесь: праздник в честь получения нового земельного надела на джайлоо |
б) Текстти окугула, аңгемелеп бергиле
Үлүш майрамы
Кыргыз элинин көп майрамдары, каада-салттары кийинки мезгилдерде эл арасында унутулуп бара жатат. Алардын бири – үлүш майрамы. Илгери кыргыз элинин ар бир айылы жайлоого көчүп барганда бээ байлашкан. Алар ууз-кымызды ачытып, кой союшуп, аны куйкалап, ошол жердеги ар бир түтүндү чакырып кымыз беришкен.
Ар бир үй-бүлө кезектешип бири-бирин мейманга чакырышкан. Ошентип, жайлоо майрамы бир күн эмес көпкө созулган жана дагы майрамга ылайыктуу ырларды ырдашып, оюн-зоокторду уюштурушкан.
Үлүш-үлүшкө бөлүнүшүп, ушул майрамды өткөрүшкөн. Ар бири куру келбестен, майрамды өткөрүп жаткан адамга өзү каалагандай кыргыздын улуттук белектерин ала келишкен.
в) Тексттеги сүйлөмдөрдү толуктагыла
Кыргыз элинин көп майрамдары, каада-салттары кийинки мезгилдерде эл арасында . Алардын бири үлүш майрамы. Илгери кыргыз элинин ар бир айылы жайлоого көчүп барганда . Алар ууз-кымызды ачытып, кой союшуп, аны куйкалап, ошол жердеги ар бир түтүндү чакырып .
Ар бир үй-бүлө кезектешипбири-бирин мейманга . Ошентип, жайлоо майрамы бир күн эмес көпкө созулган жана дагы майрамга ылайыктуу ырларды ырдашып, .
Үлүш-үлүшкө бөлүнүшүп ушул . Ар бири куру келбестен майрамды өткөрүп жаткан адамга өзү каалагандай кыргыздын улуттук .
Колдонулуучу сөздөр: кымыз беришкен, унутулуп бара жатат, майрамды өткөрүшкөн, оюн-зоокторду уюштурушкан, белектерин ала келишкен, чакырышкан, бээ байлашкан
г) Тексттеги белгиленген сөздөрдүн туура котормосун тапкыла
Многие кыргызские (каада-салт), праздники забываются молодым поколением. Одним из таких праздников является (үлүш майрамы). Издавна кыргызский народ при (көчүп барганда) целыми айылами на пастбище откармливали кобылу. Из молозиво готовят кымыз, режут и готовят барана. И приглашают всех соседей и угощают.
Каждая семья приглашала (кезеги менен). Итак, праздники джайлоо продолжались ни день, а несколько дней. Также они пели песни, устраивали игры – соответственно празднику. Разделившись на группы, они (өткөрүшкөн) праздник. К виновнику торжества не приходили с пустыми руками, а с национальным подарком.
Керектүү сөздөр: традиции, обычаи, праздник земельной доли на джайлоо, по очереди, проводили, перекочевке.