Кыргызча   Русский


3. Окуп түшүнүү


Кыргыз Республикасынын Герби

 

а) Текстти окуп, аңгемелеп бергиле

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби

        Кыргыз Республикасынын Герби – 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Ал – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эмблемасы. Гербдин авторлору: сүрѳтчү – А.Абдраев менен милициянын генералы  С.Дубанаев.

        Гербде ак мѳңгүлүү Ала-Тообуз, кѳлүбүз, нурун чачыраткан күн турат. Гербдин үстү жагында «Кыргыз», тѳмѳн жагында «Республикасы» деп жазылган. Элибиздин дыйканчылыгын айгинелеген пахтасы, буудайы, ортосунда эркиндиктин символу болгон канатын жайган Ак шумкар тартылган.

Гербдин негизги идеясы – Кыргызстанда жашаган элдердин биримдигин чыңдоо.

 

б) Сөздөрдү эки тилде билип алгыла

ак мѳңгүлүү тообуз – наши белоснежные горы с ледниками
нурун чачып – разливая лучи
дыйканчылык – земледельчество
пахта – хлопок
буудай – пшеница
Акшумкар – белый сокол  
канаты здесь: его крылья
чыңдоо – укрепление – укрепление

 



в) Берилген сөз айкаштарынын котормосун туура тапкыла


белоснежные горы


белый сокол


разливая лучи