Кыргызча   Русский


7. Окуп түшүнүү


Кыргыз туусунун тарыхы жөнүндө диалогду ролдоштуруп  окугула!

 - Сен билесиңби, XI-XII кылымдарда Борбордук Азиядагы кыргыздардын туулары болгон экен.

- Аны кайдан билдиң?

- Илимий булактардан. Кытайдын жылнаамасында (календарь) кыргыздардын туулары кызыл түстө болуптур. Ал эми тарыхчы Абу Дулефтин эмгегинде кыргыздын туулары жашыл  түстө экендиги да айтылат.

- Биздин туубуз эмне үчүн кызыл деп ойлондуң беле?

- Ооба, анын себебин да билем.

- Кайдан билесиң?

- Чоң атамдын айткандарынан улам: “Байыркы заманда кыргыздардын ар бир ханы өз желегин көтөргөн. Алар көк, кызыл, ак түстө болгон. Ошондуктан биздин азыркы туубуз Манас бабабыздан мураска калган “кызыл туу” дейт, чоң атам.”

 

 

 

Билип алгыла!

а) «Манас» эпосундагы тууларды, алардын бѳлүктѳрүн жана түстѳрүн изилдеп чыккан академик Аскар Какеев.

 

б) Асаба кездемеден жасалып, тѳрт түстѳ болгон:

  • кѳк асаба – асмандын (теңирдин)  түсү
  • ак асаба – ыйык түс
  • кѳк-жашыл асаба – чѳптүн (кѳктѳм) түсү
  • кара асаба – аза күтүүнүн белгиси

 

в) Элибизде: “Туулган жериңе тууңду тик”, дешет. В народе говорят:  “Будь верным сыном своей земли”.(Дословно: всади свое знамя в землю, где ты был рожден)