Кыргызча   Русский


3. Окуп түшүнүү


а) Текстти окуп, бири-бириңер менен ой бөлүшкүлө.

Сахна жылдызы

       Бүбүсара Бейшеналиева 1925-жылы 17-майда Кант районундагы Таш-Төбө айылында туулган. Анын алгачкы ролу - “Чолпон” балетиндеги башкы каарман Чолпондун образы. Бүбүсара өтө жөнөкөй, сымбаттуу адам болгон. Сахнада ролдорун сыйкырлагандай ойнор эле. Ал кыргыз элинин таланттуу бийчиси болгон.

       Бул бийчи кичинесинде мектептеги алдыңкы окуучу болчу эле. Кийин Бишкек шаарынан искусство институтун бүтүргөн. Окуп жүргөндө эле өзүнүн курсундагы айырмаланган жаштардан эле. Ал “Ак куулар көлү”, “Уйкудагы сулуу”, “Чолпон”, “Айчүрөк”, “Анар” балеттериндеги негизги каармандардын образын мыкты жарата алды. Эркиндик көчөсүндөгү 24-үйдө жашачу. Анын бийлегениндеги жеңилдикти, ийкемдүүлүктү көргөндө баарыбыз толкунданчубуз. Анын бийиндеги сырдуулукту, өзүн алып жүрүшүндөгү сабырдуулукту, токтоолукту эч кимден көрө албадым. Бүбүсарадагы ийкемдүүлүк, сылыктык, жайдарылык мүнөз өзүнүн ойногон каармандарына сиңип кетчү.

Ч.Айтматов

 

б) Сөз жана сөз айкаштарын эки тилде окугула

сахна жылдызы            – звезда сцены                   

алгачкы ролу                – первая роль

сымбаттуу адам            – здесь: изящная

сыйкырлагандай ойнор эле – здесь: играла завораживающе

айырмаланып турчу     – отличалась

жарата алды                 – создала

жеңилдикти                   – лёгкость

ийкемдүүлүктү             – воздушность

сырдуулуктуу               – таинственность

токтоолукту                  – скромность

сылыктыкты                  – вежливость

сиңип кетчү                   – впитывалось



в) Жаңы сөз, сөз айкаштарын которуп, эсиңерге туткула




г) Төмөнкү сүйлөмдөрдүн иретин текстке жараша белгилегиле

1.

Ал кыргыз элинин таланттуу бийчиси.

2.

Сахнада ролдорун сыйкырлагандай ойнор эле.

3.

Бүбүсара өтө жөнөкөй, сымбаттуу адам болгон.

4.

Бүбүсара Бейшеналиева 1925-жылы 17-майда Кант районундагы Таш-Төбө айылында туулган.

5.

Анын алгачкы ролу “Чолпон” балетиндеги башкы каарман Чолпондун образы.

Колдонулуучу сөздөр: 5, 4, 1, 2, 3







д) Кластер аркылуу бийчинин жөндөмдүүлүгүн жана мүнөзүн кыргыз тилинде аныктагыла

 

 

е) Сөздүк мелдешүү оюну. Сүйлөмдөрдү толуктоо үчүн керектүү сөздөрдү кайсы топ туура табат?

 

Биринчи топ

Экинчи топ

1. Бул бийчи мектептеги ............... окуучу болчу.

1. Сабира Күмүшалиеванын сахнадагы жолун ............... ачкан.

2. Бүбүсара Бейшеналиеванын бийлегениндеги ............., ............... көрөбүз.

2. Ал ролдон ролго өткөн сайын ......... отурду

3. Ал бийлерин өзгөчө бир ..............,

............... менен аткарар эле.

3. С. Күмүшалиева мазмундуу образдарды жаратып, ..................

көрсөтө алды.

4. Бүбүсаранын өзүн алып жүрүшүндөгү ..................., ................,

..............., эч кимден көрө албадым.

4. Комедиялык ................... да мыкты

аткарган.

5. Андагы ..............., ....................,

............. мүнөз өзүнүн ойногон каармандарына сиңип кетчү.

5. Кичүүлөргө өрнөк болгондугу үчүн артисттер аны ............   ............... деп сыймыктанышчу.