в) Чоң апа менен неберенин сүйлөшүүсү
- Чоң апа, бүгүн бизге “Күлазык” деген темада дил баян жазып келгиле деди.
- Күлазыкка кандай тамак-аштар кирерин билесиңби, балам ?
- Ооба, ага курут, талкан, кургатылган жемиштер кирет да.
- Ооба, кызым, бирок кыргыздарда эттен да күлазык даярдашкан.
- Чоң апа, эттен кантип даярдайт, ал бузулуп кетет го?
- Жок, ал бузулбайт. Сен алгач менин айткандарымды угуп ал.
Күлазык берекелүү, ток, бузулбаган жегиликтүү азык. “Күл” деген сөз майда тууралган дегенди билдирет. Күлазык илгерки ата-бабаларыбыздын көчмөн турмушуна ылайыкталып жасалган. Анын эң көп түрлөрү болгон. Бирок бара-бара колдонулбай, тиричиликте муктаж болбогондуктан, унутулуп калган. Күлазыктын биринчи түрү – бул эттен жасалган азыктар. Күлазык кандай болуп жасалат. Мына ушуга кулак сал. Биринчи түрү: семиз уйдун этин бышырып кургатып, майда туурап, жаргылчакка тартып, талкан аралаштырып кездеме баштыкка сакташат.
Экинчи түрү: чийки эттен жасалат. Этти туздап абдан кургатат да, аны жаргылчакка тартышат. Аны сууга салып кайнатып ичишет. 4-5 кишини эки ууч күлазыктын ашы менен тойгузууга болот.
Үчүнчү түрү: куурулган күлазык. Этти туурап, койдун ич майына куурат. Бул куурулган күлазыкты майы менен кошо идишке тоңдуруп коюшат.
- Чоң апа, сизге чоң ырахмат. Мен эми “Күлазык” жөнүндөгү дил баянымды абдан кызыктуу жазып “беш” аларыма ишенем.
- Азаматсың, кызым, бир айтканда эле түшүнүп алганыңа. Барагой, эми дил баяныңды жаз.
- Макул чоң апа, мен кеттим.