Кыргызча   Русский


5. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Эки тилде көркөм окугула

Балдарга насыят

Ырыскыңды бекерге,      

Төкпөгүлө, балдар ай.     

Жаман сөз айтып улууга,

Сөкпөгүлө, балдар ай.    

Жалган сөздү “ырас” деп,

Айтпагыла, балдар ай.              

Шоктук кылып бирөөнү,

Урбагыла, балдар ай.

                              Барпы Алыкулов



 

б) Ырды көркөм окугула

         Ата-эне

Баралбай калсам сагынган атам,

Бир мени ойлоп, чаалыккан атам.

Токтоосуз менин бактымды ойлоп,

Батасын берип балкыткан апам...!



в) Ырдагы көп чекиттин ордуна мааниси жагынан туура келген сөздөрдү койгула

Баралбай калсам атам,
Бир мени ойлоп, атам.
Токтоосуз менин ойлоп,
Батасын берип апам!

Колдонулуучу сөздөр: бактымды, балкыткан, чаалыккан, сагынган