Кыргызча   Русский


3. Билип алгыла


а) Текстти окуп, кызыктуу маалыматтарды билип алгыла

Кыргыздын алп адамдары

    Эң зор жана узун бойлуу кыргыз XVI кылымда жашап  өткөн алп Тобок болсо керек. Салмагы  зор болгондуктан, ат көтөрө албай, өмүр бою жөө жүргөн экен.

   Элдин айтымында Нарын өрөөнүндө жашап өткөн Кыдыралы балбан да зор адам болуптур. Ага тогуз койдун терисинен тон тигишчү экен. Жоголгон улак анын кепичинин ичине жатып алып, кепичтин таманына салынган чөптү кепшеп жатканда табылганы аңыз катары айтылат.

   Алп кыргыздын бири ноокаттык Токсонбай балбан. Ал Кокон хандыгынын тушунда жашаган. Кокон ханынын беш жыл камалып турган көк букасын жеңген, андан кийин хан ордосунда балбан болуп көп жыл кызмат өтөгөн. Эл арасында турганда бою көкүрөктөн өйдө чыгып турчу экен.

  Кыргыз элине атагы чыккан балбан Кожомкул Кааба уулунун 47 жаштагы салмагы 165 кг, боюнун узундугу 2 м 36 см, колунун  манжаларынын узундугу 25 м болгон. Ал 52-өлчөмдөгү өтүк кийген. Салмагы 400 кг чамалуу өгүздү жардын жаракасынан сууруп чыгарган. Элге «Кожомкулдун ташы» деп белгилүү болгон таштын салмагы 635 кг болгон. 

   Тогуз-Торолук атактуу балбан Кыдырша уулу Абдыманаптын (1909-1967) бою 2 м, салмагы 130 кг болгон. Абдыманап балбандын чепкени Кыргызстандын тарых музейинен Италияга, Финляндияга сатылып, дүйнөдөгү алп адамдардын кийимдери турган музейге коюлган.

   Азыркы учурдагы эң узун кыргыз – Жеңишбек Айылчиев (1979-2015). Боюнун узундугу 2 м 20 см, салмагы болжол менен 120 кг, ага чак келчү бут кийим жок, колго тигилген бут кийим кийчү.

 

 

б) Жаңы сөздөрдүн маанисин түшүндүргүлө

алп, тон, кутур, эңип ал, көтөрүп чап, күчкө тол, күч менен ур, аңыз.

 

 

в) Суроолорго жооп бергиле

1. Байыркы убактарда кыргыздарда алп кишилерден кимдер жашап өтүшүптүр?

2. Элде Кожомкул Каба уулунун балбандыгы тууралуу эмне айтылат?

3. Силер мындай зор адамдар жөнүндө эмне билесиңер?



г) Төмөнкү сөздөрдөн сүйлөм түзгүлө.

1

.

Колдонулуучу сөздөр: айырмаланган , адамдар, өзгөчө , кишилерден , кадимки , Алптар




2

, .

Колдонулуучу сөздөр: ат көтөрө албаган, жашап өткөн, баатырлар , Кийим чак келбеген




3

.

Колдонулуучу сөздөр: букаларды, аттарды, улактай көтөргөн, чыккан, балбандар , Кыргыз элинде




4

Табият кызыктуу: же .

Колдонулуучу сөздөр: өтө чоң, жаратат, жандыктарды , кибиреген




д) Текст боюнча туура жоопту тапкыла


1. XVI кылымда жашап өткөн алп адам ким?


2. Тобок алптын боюнун узундугу канча болгон экен?


3. Кокон хандыгынын тушунда жашаган алп адам ким?


4. Кожомкул балбан канчанчы өлчөмдөгү өтүк кийген?


5. Кожомкул балбан канча салмактагы ташты көтөргөн ?


6. Тогуз-Торолук атактуу балбан ким?


7. Азыркы учурдагы эң узун кыргыз – Жеңишбек Айылчиевдин боюнун узундугу канча?