Кыргызча   Русский


1. Угуп түшүнүү


Маданият жана искусство

а) Текстти угуп, кыргыз кинематографиясы жөнүндө билип алгыла

Кыргыз кинематографиясы жөнүндө

           Азыркы кезде кыргыз кинематографиясы дүйнөгө таанымал. Белгилүү режиссёрлор Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Дооронбек Садырбаев, Геннадий Базаровдордун таланты элибизге ондогон эң мыкты кинофильмдерди тартуулады. Азыр да бул тармакка кино өнөрүнүн жаш ышкыбоздору келип, элибиздин тарыхы, үрп-адаттары менен бирге, азыркы күндөгү көйгөйүн чагылдырган кызыктуу эмгектерди жаратып жатышат. Бакыт Карагулов, Актан Абдыкалыков, Эрнест Абдыжапаров, Нурбек Эген, Садык Шер-Нияз сыяктуу, кыргыз кино өнөрүн жаңы баскычка көтөрө турган жаш таланттар жемиштүү эмгектенишүүдө.

          Кино тармагы биздин өлкөдө 1930-жылдардан тартып өнүгө баштаган. 1939-жылы Фрунзеде (азыркы Бишкек) Ташкент кинохроника студиясынын бөлүмү ачылган. 1942-жылы бул бөлүмдүн базасында Фрунзе кинохроника студиясы уюшулган.

          “Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде”, “Достук чокусу”, “Суусамыр өрөөнүндө” сыяктуу даректүү тасмалар, алгачкы “Салтанат” (1955) көркөм тасмасы “Мосфильм” киностудиясы менен биргелешип тартылган.

          Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча “Ашуу”, “Биринчи мугалим”, Ак кеме”, “Саманчынын жолу” сыяктуу көркөм тасмалар жаралган.

          Кыргыз киносу жөнүндө сөз кылып жатып, белгилүү актёрлорубуздун атын атабай өтсөк болбос. Кыргыз театр жана кино искусствосунда Муратбек Рыскулов, Болотбек Бейшеналиев, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Сүймөнкул Чокморов жана Орозбек Кутманалиев сыяктуу таланттуу актёрлордун чыгармачылыгы айырмаланып турат. Булар кинодо нукура улуттук образдарды жаратышкан.

 

 

 

б) Сөздөрдөн сөз айкашын түзгүлө

таланттуу            чебери

эл аралык           жылдызы

кино                    режиссер

искусство            фестиваль

театр                   тармагы

сыйлыкка            жеңип алган

сыйлыкты            ээ болгон

көйгөйүн              калкы

кыргыз                чагылдырган

образдарды         жаратышкан  



в) Төмөнкү сөз айкаштарын мааниси боюнча бириктиргиле




г) Боштукту толтургула
1.

Кыргыздын “Салтанат” (1955) көркөм тасмасы менен биргелешип .

Колдонулуучу сөздөр: алгачкы , “Мосфильм” киностудиясы, коюлган




2.

Дооронбек Садырбаев, Геннадий Базаровдордун элибизге ондогон тартуулады.

Колдонулуучу сөздөр: эң мыкты, таланты , кинофильмдерди




3.

Кино биздин өлкөдө тартып .

Колдонулуучу сөздөр: өнүгө баштаган, тармагы , 1930-жылдардан




4.

чыгармалары боюнча “”, “Биринчи мугалим”, Ак кеме”, “” сыяктуу жаралган.

Колдонулуучу сөздөр: көркөм тасмалар, Ашуу, Ч. Айтматовдун, Саманчынын жолу