Кыргызча   Русский


1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


Үй-бүлө

а) Үй-бүлө мүчөлөрүнүн парзын билип алалы

       Парз деген эмне? Адам баласы өз жашоосунда алдына максат коюп жана ал максаттардын келечекте аткарылышына үмүт кылып жашап келет. Ушул эле учурда адам жашоодогу милдеттүү парздарын сезе билүүсү  зарыл.

   Парздын эң алгачкысы болуп албетте: ата-энени сыйлоо, эне сүтүн актоо, жети атаны билүү, мекенди сүйүү жана коргоо кирет. Бул ыйык парздарды аткарууга аракет кылышыбыз керек. Демек, парз – адамдын акыл сезиминен орун алган, денесинде кан болуп айланып жүргөн ыйык милдет.

 


 

б) Адамдык парздар ар дайым эсиңерде болсун!

·        Ата-энени сыйлоо  почитание родителей
·        Мекенди сүйүү жана коргоо  любовь и защита родины
·        Жети атаны билүү  знание семь поколений
·        Улууларды урматтоо  уважение старших
·        Кичүүлөрдү ызаттоо  уважение младших
·        Жаратылышты коргоо  защита природы
·        Эне тилин сүйүү  любовь к родному языку
·        Бата алуу  получение благословения
·        Үй-бүлө күтүү  создание семьи 
·        Балага туура тарбия берүү  правильное воспитание  детей
         Достукту сыйлоо  уважение дружбы


в) Парздарды билип алгыла.





г) Текстти окугула

Үй-бүлө

      Үй-бүлө – бул өзүнчө бир кичинекей мамлекет. Үй-бүлөдөгү кут – бул ынтымак, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирин сыйлашуусу. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы  ынтымактын негизги өзөгү – алардын үй-бүлөдөгү орду. Чоң ата менен чоң эне – үйдөгү уул, кыз, келин, күйөө бала жана неберелерине чейин ар дайым калыс мамиле жасаган, туура чечим чыгарган эң башкы адамдар. Ошондой эле, үйдөгү төрдүн ээлери жана эң сыйлуу адамдар болуп эсептелет.

    Ата менен эненин милдети түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү. Алар балдарды багып чоңойтуу менен бирге туура тарбия берип, келечегине кам көрүшөт. Демек, ата-энелер үйдөгү бардык түйшүктү көтөрүшөт.

      Үйдөгү уул бала жана кыз баланын милдети үй тиричилигиндеги  иштерди аткаруу, ата-энесине жардам берүү. Ар бир адам – ата-энесин, бир туугандарын, чоң ата, чоң энелерин сыйлап, урматтоосу керек!



 

д) Сөз айкаштарын эки тилде окуп, өздөштүргүлө

үй-бүлөдөгү кут  – благополучие в семье
үй-бүлө мүчөлөрү  – члены семьи
негизги өзөгү  здесь: основы дружбы
калыс мамиле жасоо – относится справедливо
туура чечим чыгар  – принимай правильное решение
төрдүн ээлери  здесь: почитаемые люди
багып чоңойтуу  – вырастить
келечегине кам көрүү  – заботиться о будущем
түйшүктү көтөрүү  – взять на себя заботу
үй тиричилигиндеги  – в домашнем хозяйстве 
баланын парзы – обязанности детей 


е) Өзүңөрдү текшергиле. Сөздөрдүн котормосун тапкыла.




ж) Сүрөтүү текстти окуп, үй-бүлөдөгү ынтымак жөнүндө аңгемелеп бергиле.


     – бул өзүнчө бир кичинекей мамлекет. Үй-бүлөдөгү кут – бул ынтымак, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирин сыйлашуусу. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы ынтымактын негизги өзөгү – алардын үй-бүлөдөгү орду. менен – үйдөгү , , , жана чейин ар дайым калыс мамиле жасаган, туура чечим чыгарган эң башкы адамдар. Ошондой эле, үйдөгү төрдүн ээлери жана эң сыйлуу адамдар болуп эсептелет.
     менен милдети түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү. Алар балдарды багып чоңойтуу менен бирге туура тарбия берип, келечегине кам көрүшөт. Демек, үйдөгү бардык түйшүктү көтөрүшөт.
    Үйдөгү жана милдети үй тиричилигиндеги иштерди аткаруу, ата-энесине жардам берүү. Ар бир адам – ата-энесин, бир туугандарын, чоң ата, чоң энелерин сыйлап, урматтоосу керек!

Колдонулуучу сөздөр: чоң эне , кыз , Чоң ата , неберелерине , уул , Ата , уул бала , Үй-бүлө , кыз баланын , эненин , күйөө бала , келин , ата-энелер