1. Окуп түшүнүү
а) Сөздүктү эки тилде билип алгыла
оймочулук | – нанесение узора (мастерица, наносящяя узор) |
саймачылык | – вышивание (вышивальщица) |
түймөчүлүк | – вязание (взязальщица) |
бычмачылык | – закройщик (портной) |
эшмечилик | – вить веревки |
токуучулук | – ткачество (ткать) |
куракчылык | – шить из разноцветных лоскутов |
өрмөкчүлүк | – плетение (плетельщица) |
көркөм чеберчилиги | – художественное мастерство |
жеңил өнөр жай | – легкая промышленность |
бир тармагы | – одна из отраслей |
б) Сөздөрдүн котормосун тапкыла
в) Текстти окугула
Узчулук
Кыргыз элинин байыртадан келе жаткан оймочулук, саймачылык, түймөчүлүк, бычмачылык, эшмечилик, токуучулук, куракчылык, өрмөкчүлүк өнөрүндө кыз-келиндердин көркөм чеберчилиги бүгүнкү күндө кесип катары тараган жеңил өнөр жайдын бир тармагы болуп эсептелет.
Азыр талапка ылайык заманбап буюмдар жасалып жатат. Бул кесипти аркалаган кыз-келиндердин колунан жаралган буюмдар жеке эле биздин өлкөдө эмес, чет өлкөлөрдө да таанылды. Кыргыз аялдарынын колунан жаралган улуттук буюмдар менен кийим-кечектерди жана алардын өнөрлөрүн жайылтуу үчүн эл аралык денгээлдеги көргөзмөлөр өткөрүлүп турат.
- Сүйлөшүү
г) Маекти уккула
- Эже, кыргыз аялдары кандай кол өнөрчүлүк менен алектенишет?
- Кыргыз аялдары байыртадан эле саймачылык, түймөчүлүк, оймочулук бычмачылык, токуучулук, куракчылык жана өрмөкчүлүк менен алектенип келишкен.
- Өрмөкчү кандай буюмдарды жасайт?
- Өрмөкчү боз үйдүн жерге салуучу таар жана шалчаларды согот.
- Өрмөктү кантип согот?
- Кантип согот аны азыр тасмадан көрөбүз.
д) Видеотасма аркылуу кыргыз өнөрү менен таанышкыла
е) Өзүңдү текшер
1. Дерюга (тканное полотно)
2. Ковровая полоса
3. Такта жабуу
4. Жел боо
1. Дерюга (тканное полотно)
2. Ковровая полоса
3. Такта жабуу
4. Жел боо