Кыргызча   Русский


3. Угуп түшүнүү


а) Текстти угуп, бири-бириңерге айтып бергиле

Христостун статуясы

Христостун статуясы дүйнөнүн эски жети кереметинин бири болгон Колосс Родосскийдин иниси болуп калды десек болот. Бул статуя самын таштан жана темир бетондон жасалган. Колун жайып турган Христостун статуясынын бийиктиги 38 метр. Ал Колосс Родосскийдин статуясынан 2 метрге бийик. Анын курулушу 1922-жылы башталып, тогуз жылга созулган. Азыркы мезгилде бул жер туристтердин сүйүктүү эс алуучу жайына айланды. Корковаду тоосунун чокусунда жайгашкан монументке жетүү үчүн атайын кичинекей поезд каттамы жүргүзүлгөн. Ал жерде жайгашкан эскалаторлор туристтерди көрүү аянтчасына көтөрүп чыгат. Мында тургандар үчүн Рио-де-Жанейрону көрүүгө сонун панорама ачылат.

 

 

б) Сөз айкаштарын окугула, эсиңерге туткула

самын таштан – из мыльного камня
темир бетондон              – из железного бетона
анын курулушу – его постройки
тоо чокусунда – на пике горы
поезд каттамы – маршрут поезда
көтөрүп чыгат – поднимает
тургандар үчүн – здесь: для приезжих

 



в) Төмөнкү сөздөрдүн “туура” же “ката” экенин белгилегиле


Христостун статуясы дүйнөнүн азыркы жети кереметинин бири.


Бул статуя самын таштан жана темир бетондон жасалган


Колун жайып турган Колосс Родосский


Анын курулушу 1922-жылы башталып, тогуз жылга созулган


Азыркы мезгилде бул жерге туристтер каттабайт


Христостун монументи Корковаду тоосунну чокусунда жайгашкан




г) Сөз тизмеги боюнча төмөнкү сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзгүлө 1.

.

Колдонулуучу сөздөр: Христостун , жети кереметтердин, статуясы , бири




2.

.

Колдонулуучу сөздөр: самын таштан, бетондон , жасалган, темир , статуя , Христостун , жана




3.

.

Колдонулуучу сөздөр: статуясынын , Христостун , бийиктиги , 38 метр




4.

.

Колдонулуучу сөздөр: 2 метрге, бийик, статуясынан , Ал , Колосс Родосскийдин




5.

, .

Колдонулуучу сөздөр: Анын курулушу , жылга , башталып, созулган, тогуз , 1922-жылы




6.

.

Колдонулуучу сөздөр: Азыркы , жайына , бул жер, айланды, мезгилде , сүйүктүү эс алуучу, туристтердин