Кыргызча   Русский


6. Угуп түшүнүү


а) Текстти угуп, аңгемелеп бергиле

Кыргыз Республикасынын Туусу

        Биздин Мамлекеттик Туубуз 1992-жылы  3-мартта кабыл алынган.  Туунун авторлору – илимпоз Сабыр Иптаров,  сүрѳтчүлѳр: Бекбосун Жайчибеков, Жусуп Матаев,  архитекторлор Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков.

        Туубуздун түсү кызыл.Туунун негизги белгилери – боз үйдүн түндүгү жана күн. Түндүк – адам жашоосунун, үй-бүлѳнүн, ынтымактын, кѳчмѳндүү элибиздин тарыхынын символу.  Ал эми түндүктүн кайчылашкан чамгарактары үч кылдуу комуздун элесин берип, дүйнѳнүн тѳрт тарабын туташтырып тургандай сезилет.

       Туубуздун экинчи белгиси – нурун чачыраткан күн. Кыргыз оюмунун элесин берген кырк нур күндѳн тегиз чачырап турат.  Кырк деген сан аркылуу кыргыздын кырк уруусунан куралган элибиздин «кыргыз» деген аты туюнтулат.

 

 

 

б) Сөздөрдүн маанисин эки тилде билип алгыла

туу флаг, знамя
түс цвет 
илимпоз ученый 
сүрѳтчү художник 
белги знак 
негизги основной 
нур луч 
кыргыз оюусу кыргызский орнамент
туюнтулат обозначает 

 

 

 

в) Сүрөттөрдөгү символдор эмнени билдирет? Толуктап жазгыла

 ?

 ?

 ?

 

 ?

 ?

 ?



г) Берилген сѳз айкашы менен жай, суроолуу, илептүү сүйлѳм түзгүлѳ
1.

кызыл туу → !

Колдонулуучу сөздөр: туусу , кызыл , желбиресин, Кыргыздардын, ар дайым




2.

негизги белгилери → .

Колдонулуучу сөздөр: негизги белгилери, Туунун, жана күн, боз үйдүн, түндүгү




3.

аты туюнтулат → ?

Колдонулуучу сөздөр: кайсы аты, аркылуу , элибиздин , Кырк деген сан, туюнтулат