Кыргызча   Русский


3. Лексика-грамматикалык материалды өздөштүрүү


Жөнөкөй жана тутумдаш толуктооч

(Простое или составное дополнение)

Кыргыз тилинде толуктооч түзүлүшү жагынан жөнөкөй жана тутумдаш болуп бөлүнөт. Жөнөкөй толуктооч бир сөздөн турат.

Мисалы: Насырга чоң ишеним көрсөтүштү.

Тутумдаш толуктооч эки же андан ашык өз ара ажырагыс сөз биримдигинен турат.

Мисалы: Ата-энелерге чоң ишеним көрсөтүштү.



 

а) Сүйлөмдөрдөн толуктоочтордун жөнөкөй же тутумдаш экенин аныктагыла

1. Өрмөктөн ар кандай буюмдарды жасоого болот.

2. Кыргыздар уздарды сыйлап келишкен.

3. Өрмөктөн согулган куржунду алып жүрүүгө ыңгайлуу.

4. Биздин уздар эл аралык жармаңкеге катышууга жөнөп кетишти.



б) Көп чекиттин ордуна толуктоочко тиешелүү мүчөлөрдү улагыла

       Өрмөк аркылуу ийрилген жиптен турмуш–тиричилик ылайыкташкан ар кандай буюмдар жасоо ыкмасы. Кыргыздын көркөм өнөрүн чыйратылган жип түрдөнтүп таар согуу абдан өнүгүп келген.

       Өрмөк согууга ийилген жип керектелет.

Боз үйдүн жасалгасындагы сызма–боочуулары да өрмөк... согулат

Кыргыздар «кыйначу адамыңа өрмөк соктур» деген кеп бар.

Колдонулуучу сөздөр: да , ды , тен , тү , дө , ке