Кыргызча   Русский


2. Окуп түшүнүү


а) Текстти окуп, аңгемелеп бергиле

Улуу Кытай дубалы

          Дүйнөдөгү эң узун дубал Кытайда жайгашкан. Улуу Кытай дубалынын узундугу 8850 километрден ашык. Дубалдын туурасы 5-8 метрди түзөт. Бийиктиги болсо, 6,6 метр, айрым жерлери 10 метрге чейин жетет. Дубалдын курулушу биздин эрага чейин III кылымда Цинь династиясынын убагында башталган. Анын курулушуна 1 миллионго жакын адам катышкан.

         Кытай дубалынын айрым жерлери топурак эрозиясынын кесепетинен урап түшкөн. Бадалин туристтер үчүн Кытай дубалынын эң көрүнүктүү жери болуп эсептелет. Бул аймак Мао Цзедундун убагында реставрацияланган болчу. Ал Пекинден 75 км алыстыкта жайгашкан. Пекинден бул жерге чейин автобус жана темир жол экспресси каттайт.

 

 

 

б) Сөз айкаштарын окугула

улуу Кытай дубалы  – Великая Китайская стена
анын курулушу                      – постройка, здесь: постройка стены
айрым жерлери                    – некоторые места
эрозиянын кесепетинен     – из-за эрозии
урап түшкөн                           – развалился
эң көрүнүктүү жери             – самое живописное место
темир жол экспресси         – железнодорожный экспресс


в) Сөз айкаштарын өздөштүрүп алгыла




г) Төмөнкү сүйлөмдөрдүн иретин текстке жараша белгилегиле

1 Анын курулушу биздин эрага чейин 3-кылымда Цинь династиясынын убагында башталган.

2 Дүйнөдөгү эң узун дубал Кытайда жайгашкан.

3 Дубалдын туурасы 5-8 метрге жетет.

4 Улуу Кытай дубалынын узундугу 8850 км ашык.

5 Анын курулушуна 1 миллонго жакын адам катышкан.

6 Дубалдын бийиктиги 6,6 метр.

Колдонулуучу сөздөр: 5, 3, 4, 6, 2, 1




д) Сөздөрдү маанисине жараша бириктиргиле

1 Бул Улуу дубалы.
2 Анын 8850 км.
3 Дубалдын 5-8 метр
4 Бийиктиги жетет.
5 Буга чейин бар
6 Пекинден жайгашкан

Колдонулуучу сөздөр: 6,6 метр, Кытай, 75 км алыс, темир жол, туурасы, узундугу




е) Сөздөрдүн синоним (//), антонимдерин (x) жазгыла

жайгашкан // узун x
айрым жерлери // ашык x
туристтер // башталган x
эң көрүнүктүү // алыс x

Колдонулуучу сөздөр: орношкон, кыска, эң кооз, кээ бир жерлери , кем, жакын, саякатчылар, бүткөн




ж) Сүйлөмдөрдү маанисине жараша туура түзгүлө




з) Сүйлөмдөрдүн текстте “бар” же “жок” экенин белгилегиле


Улуу Кытай дубалынын узундугу туурасы жана бийиктиги жөнүндө.


Кытай мамлекетинин маданияты жөнүндө.


Бадалин туристтер үчүн Кытайдын эң көрүнүктүү жери.


Кытай элинин жашоо-шарты жөнүндө маалымат.


Кытай мамлекетинин тарыхы өтө бай.


Ал Пекин шаарынан 75 км алыс жайгашкан.