3. Угуп түшүнүү
а) Текстти угуп, бири-бириңерге айтып бергиле
Христостун статуясы

Христостун статуясы дүйнөнүн эски жети кереметинин бири болгон Колосс Родосскийдин иниси болуп калды десек болот. Бул статуя самын таштан жана темир бетондон жасалган. Колун жайып турган Христостун статуясынын бийиктиги 38 метр. Ал Колосс Родосскийдин статуясынан 2 метрге бийик. Анын курулушу 1922-жылы башталып, тогуз жылга созулган. Азыркы мезгилде бул жер туристтердин сүйүктүү эс алуучу жайына айланды. Корковаду тоосунун чокусунда жайгашкан монументке жетүү үчүн атайын кичинекей поезд каттамы жүргүзүлгөн. Ал жерде жайгашкан эскалаторлор туристтерди көрүү аянтчасына көтөрүп чыгат. Мында тургандар үчүн Рио-де-Жанейрону көрүүгө сонун панорама ачылат.
б) Сөз айкаштарын окугула, эсиңерге туткула

самын таштан | – из мыльного камня |
![]() |
темир бетондон | – из железного бетона |
![]() |
анын курулушу | – его постройки |
![]() |
тоо чокусунда | – на пике горы |
![]() |
поезд каттамы | – маршрут поезда |
![]() |
көтөрүп чыгат | – поднимает |
![]() |
тургандар үчүн | – здесь: для приезжих |
![]() |
в) Төмөнкү сөздөрдүн “туура” же “ката” экенин белгилегиле
Христостун статуясы дүйнөнүн азыркы жети кереметинин бири.


Бул статуя самын таштан жана темир бетондон жасалган


Колун жайып турган Колосс Родосский


Анын курулушу 1922-жылы башталып, тогуз жылга созулган


Азыркы мезгилде бул жерге туристтер каттабайт


Христостун монументи Корковаду тоосунну чокусунда жайгашкан


г) Сөз тизмеги боюнча төмөнкү сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзгүлө 1.
.
Колдонулуучу сөздөр: бири, статуясы , Христостун , жети кереметтердин


2.
.
Колдонулуучу сөздөр: статуя , жасалган, бетондон , самын таштан, жана , темир , Христостун


3.
.
Колдонулуучу сөздөр: статуясынын , бийиктиги , 38 метр, Христостун


4.
.
Колдонулуучу сөздөр: статуясынан , 2 метрге, бийик, Колосс Родосскийдин, Ал


5.
, .
Колдонулуучу сөздөр: жылга , тогуз , Анын курулушу , созулган, башталып, 1922-жылы


6.
.
Колдонулуучу сөздөр: айланды, туристтердин , мезгилде , жайына , Азыркы , сүйүктүү эс алуучу, бул жер

