Кыргызча   Русский


2. Угуп түшүнүү


а) Текстти окуп, жаныбарлардын жашоо-шарты менен таанышкыла

       Аюу жырткыч жаныбарлардын катарына кирет. Кыргызстанда ал негизинен тоолордо жашайт. Алар кышкысын чээндерге кирип кетишет. Кыш ортолоп калганда ургаачы аюу тууйт. Ошол бойдон баласын жазга чейин бооруна кысып, эмизип жата берет. Жазында чээнден чыкканда балдары энесинин сүтүнөн сырткары чөптөрдүн тамырларын да казып жей башташат. Баласын мамалак дешет.

    Карышкырлар адамдардын буту жетпеген жерлердеги үңкүрлөрдү, ийиндерди өздөрүнө жай кылып алышат. Апрель-май айларында ошол үңкүрлөрдө карышкыр тууйт. Анын күчүктөрү 4төн 7ге чейин болот. Иттин күчүктөрү сыяктуу эле эки жумага чейин көзү ачылбайт, кулактары укпайт. Энеси эмизип турат. Эки айдан кийин эт жей башташат. Эгер адам ийинин көрүп кала турган болсо, анда балдарын алып башка жакка орун которуп кетет. Энеси балдарын аңчылыкка үйрөтөт.

    Карышкырдын баласын канчалык баксаң да, ит болуп бербейт. Ошондуктан, элибизде «Бөрү баласы ит болбойт» деген макал бар. Эркегин – дөбөт, ургаачысын – канчык, баласын – бөлтүрүк дейт.

   Түлкү жаныбарлардын митайымы. Балдары 3төн 5ке чейин болот. Анын балдары да эки жумага чейин көзүн ачпайт. Энеси акырындык менен сыртка алып чыгып, тамак таап жегенге үйрөтө баштайт. Балдарын «бачики» деп коёт.

  Суур тоолордо болот. Ал дагы кышында чээнге кирип уктай турган жаныбар. Балдарын жазга жакын ийининде тууп, күн жылыганда сыртка ээрчитип чыгат. Суурлар өтө сак болушат. Өз ийининен алыс кетпейт. Суурдун баласын чөндөлөй дешет.

 Уламыштарда мышык, жолборс, илбирс – үчөө бир тууган. Алар Африка тараптан келишкен дейт.

Коёндун жапайы жана бакма түрү бар. Балдарын коёнек же бөжөк дейт.

Жалпы канаттуулардын балдары «балапан» деп аталат.

Жапайы койдун ургаачысын аркар дейт. Эркегин кулжа, баласын козу дейт.

Бугунун мүйүзү бары – эркеги, ургаачысын – марал, баласын – музоо деп коёт.

Эликтин мүйүзү бары эркеги, аны нурак дейт, ургаачысын телки, баласын – чаарчык дейт.

Жалпысынан алганда бул тоо жаныбарларын кайберендер, кийиктер дейбиз.

 

 

б) Сөздөрдү эки тилде өздөштүрүп алгыла

чээн – берлога
бооруна кысып – прижать к груди (обнять)
эмизип жата берет – кормит грудью
казып жейт – ест откопав
ургаачы – самка
үңкүр – пещера
ийин – нора
мамалак – медвежонок
митайым – хитрый
аңчылык – охота
бөлтүрүк – волчонок
бачики – лисенок
суур – сурок
чөндөлөй – детеныш сурка
бугу – олень
аркар – горный баран
кийик – горный козел
элик – косуля


в) Сүйлөмдөрдүн котормосун туура тапкыла


1. Зимой они впадают в спячку.


2. Таким образом медведь до весны обняв детеныша, кормит его.


4.Постепенно мать выводит и учит их находить пищу.


5. В целом этих горных животных мы называем кайберены, кийики.




г) Туурасын “Т”, катасын “К” деп белгилегиле.

1. Аюу жырткыч жаныбарлардын катарына кирет.


2. Аюунун баласын чөндөлөй дейт.


3. Карышкырдын баласы ит болуп берет.


4. Түлкүнүн баласын бачики дейт.


5. Суурлар кышында чээнге кирбейт.


6. Жапайы койдун ургаачысын марал деп аташат.


7. Бугунун баласы музоо болот.


8. Коёндун балдарын бөжөк деп коюшат.




д) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле.


1.Аюу кышында кайда жашайт?


2.Карышкырдын баласын эмне дейт?


3.Түлкү кандай жаныбар?


4.Жапайы койдун эркегин кантип аташат?


5.Бугунун баласын эмне дейт?