4. Угуп түшүнүү
а) Ырды угуп, эсиңерге сактап алгыла.
Элчи
Көрө билип алысты,
Коргоп элдик намысты.
Элчи болуп барсам – дейм,
Өлкөлөргө алыскы.
Эл ишеничин актасам,
Эл достугун сактасам.
Дүйнөдөгү эң бир чоң
Өлкөлөргө каттасам.
Бул – кыргыздын уулу – деп,
Чыгып элге атагым,
Келет менин дүйнөдө
Урмат менен жашагым!
Абзий Кыдыров
б) Ырды толуктап жазгыла
,
Коргоп элдик намысты.
,
Өлкөлөргө алыскы.
Эл ишеничин актасам,
.
Дүйнөдөгү эң бир чоң
.
– деп,
,
!
Колдонулуучу сөздөр: Урмат менен жашагым, Келет менин дүйнөдө, Көрө билип алысты, Элчи болуп барсам – дейм, Өлкөлөргө каттасам, Чыгып элге атагым, Эл достугун сактасам, Бул – кыргыздын уулу