6. Лексика-грамматикалык материалды өздөштүрүү
Толуктооч жана анын түрлөрү.Тике толуктооч
(Дополнение и его разряды. Прямое дополнение)
Тике толуктооч табыш жөндөмөдө туруп, кимди? эмнени? деген суроолорго жооп берет. Кыргыз тилинде тике толуктооч өтмө этиштерге багынып турат. |
а) Көп чекиттин ордуна тике толуктоочтун мүчөлөрүн койгула
1. Ташкордо- бышыруу ыгынан эле анын байыркы, эң эски тамак экенин билүүгө болот.
2. Адамдар от- өз тамактары- бышырууга пайдалана баштаган кезде ушундай жол менен эт- бышырышкан.
3. Бүкүлү эт чокко же ысыган ташты ортосуна салуу менен бышырышкан.
4. Азыркы учурда ташкордо даярдоо ыкмасынын көп түрү бар.
Колдонулуучу сөздөр: ти, -ну, -н, н, ну, ту, -ти