4. ЛЕКСИКА-ГРАММАТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ
Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү. Аныктооч
Грамматикалык түшүндүрмө
Аныктоочтор аныкталгычтан мурун келип, заттын сын сыпатын, санын, таандык экенин көрсөтөт. Алар: кандай?, кайсы?, канча?, канчанчы? деген суроолорго жооп берет. |
Аныктооч төмөнкү сөз түркүмдөрү менен жасалат
№ |
Кайсы сөз түркүмү |
Мисалдары |
Суроолору |
1. |
Зат атооч |
Мектептин окуучулары театрга келишти. |
Эмненин? Мектептин. |
2. |
Сын атооч |
Жакшы бала тартиптүү болот. |
Кандай бала? Жакшы бала. |
3. |
Сан атооч |
Биринчи июнь – Балдардын коргоо күнү. |
Канчанчы июнь? Биринчи июнь. |
4. |
Ат атооч |
Алардын баласы жакшы окуйт. |
Кимдин баласы? Азаттын баласы. |
5. |
Атоочтук |
Айтылган сөздөр балдар-га таасир берди . |
Кандай сөздөр? Айтылган сөздөр. |
а) Сүйлөмдөрдөгү аныктоочторду тапкыла
1. “ сөзү – көзү” - деп чоң атам айткан.
3. , уул-кыздарыбыз - ээлери.
4. Иним классты бүткөндөн кийин, чоң атамдыкына кетет.
5. ийгилигиң ата-энең үчүн чоң бакыт.
6. улууларыбыз урмат- сыйга татыктуу.
Колдонулуучу сөздөр: алуудагы, билим, биздин, акылдуу, атанын, намыскөй, акылдын, биринчи, келечек
б) Сүйлөмдөрдөгү аныктоочтордун милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткарды, аныктагыла
1. “Атанын сөзү – акылдын көзү” - деп чоң атам айткан. ( )
2 . Намыскөй, акылдуу уул-кыздарыбыз – келечектин ээлери. ( )
3. Иним биринчи классты бүткөндөн кийин чоң атамдыкына кетет. ()
4. Сенин билим алуудагы ийгилигиң ата-энең үчүн чоң бакыт. ( )
5. Биздин улууларыбыз урмат-сыйга татыктуу. ( )
зат атооч, сан атооч, сын атооч, атоочтук, ат атооч
Колдонулуучу сөздөр: зат атооч