Кыргызча   Русский





а) Жалбыз  эмне  үчүн  Абу Али Ибн Синанын чөбү деп  аталып  калган?

          Бул суроого  элдик  табыптардын  маалыматтарынан  жооп  ала  алабыз.  Ибн Синанын  жалгыз  баласы  аябай  кыйналып  жатып, каза  болуп  калат.  Анан  операция  кылышса, баласынын  бѳйрѳгүндѳ  таш  бар экен. «Ии, баламдын  дарты  ушул  турбайбы» - деп  ташты  чѳнтѳгүнѳ  салып  кайгырып  келе  жатып,  суунун  жээгине  келип,  көйнөгүн жалбыздын үстүнө чечип коёт да, сууга  түшөт. Кѳйнѳгүн  киейин  десе,  чѳнтѳгүндѳгү  баягы  таш  эрип  кетиптир. Кѳрсѳ  жалбыз  ташты  эритип  жиберген  экен. Ошондо:  «Баламдын  дабасы  сен  турбайсыңбы, мен  аны  кайдан  билдим», - деп  Ибн  Сина  бѳйрѳгүндѳгү  ташы  бар  адамдарга  жалбызды   дары  катары  пайдаланууга берип  калган  экен.

( Мурас  таануу. 4-класстар  үчүн  кошумча  окуу  куралы. Түз. Айтпаева Т.А., Эгембердиева  А.А. – Б., 2008, 46- 47-беттер )



 

б) Сарымсак  ден  соолукка  абдан  пайдалуу  экен балдар,  угуп  алгыла

    Сарымсак  миңдеген   илдеттерге  пайдалуу,  бирок  боорго, ѳткѳ  карама-каршы  келет. Ошондуктан  боору  ооруган  адам  сарымсак  жебеши  керек. 

      Сарымсакты  тамак  катары  нан  менен  жесең,  кышкысын  сасык  тумоо  менен оорубайсың. Эч  жериң  оорубай  турган  учурда  деле  сарымсакты   пайдалансаң,  ичиң  оорубайт,  сергек  жүрѳсүң.



в) Табышмакты тапкыла.


Кѳп жесең ……….,
Дарылыкка жарар.
Ширесин ичсең,
Суусунуң канар – бул эмне?

Ч.Иманалиев







 ӨСҮМДҮКТӨР

(РАСТЕНИЯ)

мѳмѳсү - (плоды)                     уругу - (семена)            

гүлү - ( цветы)                        жалбырагы - (листья)

           

тамыры - (корни)                  сабагы - (стебель)

                 

 

 

 

д) Гүлдүн түзүлүшүн билип алгыла