7. МУЛЬТФИЛЬМ
“Куруучу түлкү” аттуу мультфильмди көрүп, аңгемелеп бергиле
Мультфильмдин аталышы: Куруучу түлкү Көрүү убактысы: 10 мүнөт Мазмуну: Куу түлкү арстанды алдагандыгы жөнүндө |
Мультфильмдин каармандары менен таанышып алгыла 1. Арстан 2. Эшек 3. Түлкү 4. Тооктор |
а) Жаңы сөз жана сөз айкаштарын эсиңерге туткула
таң калыштуу – удивительный
уурда – укради
тооккана – курятник
салуу – здесь: построить
бөгөш үчүн – для того, чтобы препятствовать
бекем – крепко, прочно
куруучу – строитель
тапшырылды – передан, сдан
долбоор – проект
ийгилик – успех
калканыч – прикрытие
аракет – действие
атак-даңк – слава
конуш – место ночлега (здесь: курятник)
өзгөртүү – изменение
кашаа – ограждение
кырсык – беда
тасмал – скатерть
пара – взятка
пайда – польза
зыян – вред
б) Синонимдерди (//), антонимдерди (Х) билип алгыла
Синонимдер (//) |
Антонимдер(Х) |
багуу // кармоо // асыроо |
көбөйдү Х азайды |
жоголду // адашты |
жоголду Х табылды |
чебер // уста // мыкты |
токтоосуз Х шашпай |
жай // жер // орун |
|
сыйлык // байге // белек |
|
в) Мульфильмди көрсөтүү
Мультфильмден кийин иштелүүчү тапшырмалар
а) Суроолорго жооп бергиле
1. Арстан эмне кылганды жакшы көрчү?
2. Эмне үчүн анын тооктору көбөйбөй койду?
3. Эшек эмне жөнүндө жарыя кылды?
4. Тооккананы салуу үчүн түлкү эмне кылды?
5. Жаңы тооккана Арстан үчүн пайдалуу болдубу?
6. Ишти кандай адамга тапшырыш керек?