Кыргызча   Русский


4. УГУП ТҮШҮНҮҮ


 Түшүм майрамындагы ырым-жырымдар жана баталар

Үрѳн себилгенде берилген бата

Эгин бышканда берилген  бата

Эгин оргондо берилген бата

«Оп, майда» ырын ырдоо



а) Үрѳн сепкендеги бата:

Мына септим уучтап,

Жылуу жерден конуштап.

Суу агызып арыкка,

Токчулукту келтирип,

Ушул дүйнѳ жарыкка.



б) Эгин бышкандагы бата:

Баба  дыйкан-атабыз,

Пайдаңды кѳрүп жатабыз.

Берекке бер эгинге,

Белсенип кызмат, биз кылсак

Эмгек кетпес тегинге.

 


в) Эгин оргондогу бата:

Бол, жигиттер, болгула,

Ор, жигиттер, оргула,

Чал орогум чалгының,

Арпа, буудай таштабай,

Боого байлап салгының.

 



г) Эгинди кырманда бастыртып жаткан мезгилде «Оп, майда» ырын ырдашкан.

Майда, майда, мапмайда,

Майдалансын атты айда.

Орой-орой басканың,

Ороо толсун, оп майда,

Кырча-кырча басканың,

Кырман толсун, оп майда.

Бекер жүрсѳң жан багып,

Таба албайсың эч пайда.

Майда, майда, мапмайда,

Орой-орой, оп майда.


 

    Кырмандын ортосунда чоң жыгач мамы орнотулуп, ага ѳгүздү же уйларды катарга тизип байлаган. Айдаган убакта байланган жип айланып турган. Дал ошол жип байланып турган жыгач мамы «оп» деп аталган.