Кыргызча   Русский



Сан атооч

1. Эсептик сан атооч  (канча? нече?) – бир, үч, жүз, эки жүз

 

2. Иреттик  сан атооч (канчанчы? неченчи?)

- нчы, - ынчы

М.: Спорт ордосунда биринчи жолу болушум.

 

3. Жамдама сан атооч (канчоо? нечѳѳ?)

- оо, - ѳѳ  (бирден жетиге чейин гана айтылат)

бир+ѳѳ

эк + ѳѳ = экөө

алты + оо = алтоо

М.: Окугандардан алтоо сыйланды.

 

4. Чамалама сан атооч (канчалап? канчадай?)

1) -ча, -лап, - дай, -лаган

2) чакты, чамалуу, ашык, жакын

  1. кырк+ча, жыйырма+лап,
  2. кырктан ашык

кыркка жакын

кырк чакты

кырк чамалуу

М.: Залда отуздай катышуучу болду.

 

5. Бѳлчѳк сан  (канча бѳлүгү?)      

  жарым, бүтүн

10,5 (он жарым)

10,5 (он бүтүн, ондон беш)

½ (экиден бир)

М.: Жүздүн жарымы элүү

 

6. Топ сан (канчадан? нечеден?)

беш-бештен, он-ондон, үч-үчтөн

М.: Олимпиадага катышуучулар  беш-бештен бѳлүнүштү.



а) Кѳп чекиттин ордуна цифраларды жазуу түрүндѳ жазгыла.

1. Карамолдо Орозов Ысык-Кѳлдүн күңгѳй жагында Корумду айылында туулган.

2. Москвадан келген атактуу музыка иликтѳѳчү-этнограф А.В.Затаевич Карамолдону Ысык-Кѳлдѳн алдырат.

3. Ал Карамолдонун аткаруусунда ашык классикалык күүлѳрүн нотага түшүрѳт.

4. Чындыгында, Карамолдо классикалык күүлѳрдү ѳзү чыгарып, ѳзү чертсе да «күү элдики, биз аткаруучубуз» дечү.

5. К.Орозов кыргыз мамлекеттик музыкалык-драма театрында комузчу жана күү чыгаруучу автор катары да эмгектенген.

6. филармония ачылганда кыргыз эл аспаптар оркестринин комузчу солисти болуп иштеди.

7. элдик музыка боюнча СССР Композиторлор союзуна мүчѳ болуп кирген.

8. Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын Москвада ѳткѳн жолку декадасынын катышуучусу.

9. кѳзү ѳткѳнгѳ чейин ѳз кесиби боюнча Муратаалы Күрѳңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын комуз бѳлүмүндѳ сабак берип эмгектенген.

Колдонулуучу сөздөр: 1936-жылы, 1939 - жылы, 20, 10, 1883-жылы, 1958-жылы, 2, 1930-жылы, 1928-жылы




б) Сүйлѳмдѳгү сан атоочтордун түрүн аныктагыла.


1. 1928-жылы Москвадан келген этнограф А.В.Затаевич Карамолдону Ысык-Кѳлдѳн алдыртат.


2. Ал Карамолдонун аткаруусунда 20дан ашык классикалык күүлѳрүн нотага түшүрѳт.


3. Карамолдо ондогон классикалык күүлѳрдү ѳзү чыгарып, ѳзү ойногон.