Кыргызча   Русский


5. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Дары чѳптѳрдү билип алып, аларды сактай билели

чалкан крапива
сарымсак            чеснок
жалбыз     мята
адырашман  дикая рута, гармала
кырк  муун   полевой хвощ
бака жалбырак  подорожник
жүгѳрүнүн  чачыгы кукурузные рыльца
бүлдүркѳн      ежевика
тѳѳ  жалбырак  лопух
каакым    одуванчик
кызыл мыя  солодка
тоо кымыздык  горный щавель

 

 

 

б) Текстти кѳркѳм  окугула, эсиңерге  туткула

Өсүмдүктѳр  дүйнѳсү

     Кыргыздар эзелтен чѳптѳрдү дарылык үчүн пайдаланып келишкен. Элдик дарыгерлер аларды ар  түрдүү оорулардын дабасы катары кѳрүшөт. Алар колдонгон дары чѳптѳр: чалкан, сарымсак, жалбыз, адырашман, кырк  муун,  бака жалбырак, укроп,  ромашка, жүгѳрүнүн  чачыгы, бүлдүркѳн, тѳѳ жалбырак, каакым,  кызыл мыя, тоо кымыздык. Булардан сырткары, кайың, жаңгак, долоно,  ит мурун  деген  дарак  бадалдарынын  мѳмѳлѳрүнүн  сабагын  ѳз  убагында терип, чогултуп, кургатып алышкан. Демек,  чѳптѳрдүн сырын билсе,табияттын жардамы менен эле кѳп  оорулардан айыгууга болот.

    Жалбыз – улукман ата Абу Али Ибн Синанын чѳбү. Бул чѳптүн жыты  аңкып турган мезгилде чогултуу керек. Ал адатта суулуу  жерлерде ѳсѳт. Жалбыздын сабагы, жалбырактары дарылыкка  жарайт. Жалбызды чогултуп алгандан кийин, чай катары бир  борк  эттире  кайнатып,  чыпкалап  алып  ичсе  болот.



в) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле.


1. Кыргыздар эмнелерди дарылык үчүн пайдаланып келишкен?


2. Чөптөрдү ар түрдүү оорулардын эмнеси катары көрүшкөн?


3.Дары чѳптѳр кайсылар?


4. Абу Али Ибн Синанын чѳбү кайсы чѳп?


5. Ибн Сина ким болгон?