Кыргызча   Русский


3. БИЛИП АЛГЫЛА


  •  Ысык-Кѳл – эмне үчүн тектоникалык кѳл деп аталат?

Жер титирѳѳдѳн, жер бетинин ылдый чѳккѳн жерине суу толуп калып, пайда болгон кѳлдѳр тектоникалык кѳлдѳр деп аталат. Мына ошондуктан уламышта аскалар жарылып, дубалдар кулап, шаарды суу каптайт.


 

  • Ысык-Кѳлдүн суусу эмне үчүн тоңбойт?

Ысык-Кѳл жарым чѳл зонасында жайгашкандыктан, топурактардын курамында ар кандай минералдык туздар кѳп. Ысык – Кѳлгѳ куйган 80ден ашык суулар ошол туздарды ала келет. Баарыбызга белгилүү туздуу суу тоңбойт.


 

  • Эмне үчүн Ысык-Кѳл жѳнүндѳгү уламыштарда кѳлдүн алдында калган шаар жѳнүндѳ сѳз болот?

Ысык-Кѳлдүн түндүк жана түштүк жээктеринде азыркыга чейин сууга чѳккѳн байыркы шаардын калдыктары сакталган. Кээде кѳл толкуганда, анын жээктеринен кирпичтер, кумаралар жана башка буюмдар табылат.

(Адабий чыгармалардагы табият сырлары: кошумча окуу – методикалык куралы/ түз. М.Субанова,С.Иманалиева,К. Сартова, Ч. Шыгаева, Б. Рыспаева; Сүрѳтчүсү: К.Рымбек. – Б., 2014 –ж. 128 б.)



б) Текст боюнча суроого жооп бергиле.


1. Ысык-Кѳл пайда болушу жагынан кандай кѳл?


2. Тектоникалык кѳлдѳр кандайча пайда болгон?


3. Мына ошентип уламышта шаарды эмне каптайт?


4. Ысык-Кѳлдүн суусу эмне үчүн тоңбойт?


5. Уламыштарда эмне үчүн кѳлдүн алдында калган шаар жѳнүндѳ сѳз болот?