Кыргызча   Русский


7. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а)  а)  “Азык-түлүк дүкөнүндө” диалогун ролдоштуруп окугула

 - Жакшысыңбы, кызым?
- Рахмат апа. Эмне алайын дейсиз?

- Өсүмдүк майы канча турат?

- «Олейна» - 90 сом, «Шедевр» - 95 сом.

- Мага «Шедевр» майын берип кой.

- Дагы эмне берейин?

- Кара-Балтанын кумшекери канчадан?

- 50 сомдон.
- 5 килограмм кумшекер алайын, баарын эсепте.

- Баарына 345 сом тѳлѳйсүз, апа.

- Мына, 400 сом.

- Калган 55 сомун алыңыз.

 - Жакшы кал, кызым

- Жакшы барыңыз, келип туруңуз, апа.




 



б) Диалогду толуктагыла.

1. - Жакшысыңбы, кызым?
-
- Өсүмдүк майы канча турат?
-

- Мага «Шедевр» майыңан берип кой
- Дагы эмне берейин?
-.
- 5 килограмм кумшекер алайын, баарын эсепте.
- Баарына 345 сом төлөйсүз,апа.

- Калган 55 сомун алыңыз

- Жакшы барыңыз, келип туруңуз, апа.

Колдонулуучу сөздөр: Кара-Балтанын кумшекери канчадан? , - Жакшы кал, кызым., Рахмат апа.Эмне алайын дейсиз?, «Олейна» - 90 сом, «Шедевр» - 95 сом. , - Мына, 400 сом.