Кыргызча   Русский


7. ЛЕКСИКА-ГРАММАТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ ӨЗДӨШҮРҮҮ


Грамматикалык түшүндүрмѳ

Барыш жѳндѳмѳ

(Дательный падеж)

Суроолору:

Кимге?Эмнеге?

(Кому? Чему?)

Кайда?Каякка? Куда?)

8 варианттуу мүчѳлѳрү:

-га, - ге, -го,-гѳ

-ка,- ке,- ко, кѳ

Жандоочтору:

чейин(до)

карай (по

направлению)

караганда (по сравнению

с чем) и др.


Мисалы: шаарга, мугалимге, тоого, үйгѳ, сабакка, мектепке, конокко, сүрѳткѳ

Үйгѳ чейин али кѳп бар​

До дома еще далеко
 

Балдар мектепке карай жѳнѳштү.

Ребята направились к школе
 

Бишкекке караганда Алматы чоң.

Алматы больше, чем Бишкек

 

а) Кыймыл-аракеттин кимге жана эмнеге багытталгандыгын билип алгыла

кимге?                                                            эмнеге?

мугалим  + ге (к учителю)                 кѳл           + гѳ (к озеру)

балдар    + га (к детям)                     тоо           + го (к гором)

Алмаз     + га (к Алмазу)                  спорт         + ко (к спорту)

доктур    + га (к врачу)                     китеп          + ке (к книге)

дос         + ко (к другу)                     дептер        + ге (к тетради)

эже        + ге (эжеге)                       китепкана    + га (к библиотеке)



 

б) Ким кайда, каякка барарын билип алгыла

Кайда?   Каякка?

мектеп           + ке (в школу)

Алматы         + га ( в Алматы)

музей            + ге (в музей)

Ысык-Кѳл     + гѳ (на Иссык-Куль)

Ош                + ко (в Ош)

класс            + ка (в класс)



в) Кѳп чекиттин ордуна барыш жѳндѳмѳсүнүн мүчѳсүн улагыла.

каникул….....

окуучулар……..

үй……………

ата-энелер …..

дарыкана……..

достор………

Нарын……

классташтар….

Талас…….

жердештер….

Бишкек……..

кесиптештер…..

Москва……….

ѳнѳрпоздор…..

кол ѳнѳрчүлүк…..

Чатыр-Кѳл…

жумуш…………

спортчулар……..

кыргызстандыктар…………

эс алуу………

ѳргүү……

экономисттер……..

иш сапар……..

сүрѳтчүлѳр……..




г) Бош жерлерге кимге деген суроого жооп берген сѳздѳрдү жазгыла.

1. кѳп жигиттер ашык болушат.

2. Бирок ал макул болбойт.

3. «Мени күт, бул шакек колуңда турганда эч ким, эч нерсе кыла албайт.

4. Кыздын кабары акырыда жетет.

5. «Алып келгиле» - деп жигиттерин жиберет.

6. Хан кымбат кийимдерди, асыл буюмдарды тартуулайт.

Колдонулуучу сөздөр: эч кимге , кызга , сага , кызга, сулууга , ханга